Бишкекте ЕАЭБ жыйынынын айынан борбордук көчөлөр үч күн бою жабылат

Бишкекте 13-апрелден 15-апрелге чейин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана ЖККУга кирген мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунун айынан шаардын борбордук көчөлөрү жабылат.

Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы шаардын борбордук көчөлөрү 13-апрелде жабылаарын кабарлады. Бирок милиция жолдор качан жабылаарын жана көчөлөрдүн кыймыл жүрбөй турган кесиндилерин айткан жок.

Жабыла турган жолдор:

  • Жибек Жолу проспекти;
  • Чүй проспекти ;
  • Чыңгыз Айтматов проспекти;
  • Манас проспекти;
  • Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсү;
  • Байтик Баатыр көчөсү;
  • Фучик көчөсү.

Бишкекке келген мамлекет башчыларынын жүрүш багыты коопсуздук үчүн улам алмашып турат.

Кайгуул милициясы көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын-ала башка багыттарды тандап алууну өтүнөт.

Бишкекте 14-апрелде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын бейформал отуруму болот. Иш-чаралар мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өткөрүлөт.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө