Президент Алмазбек Атамбаев (ортодо) Түркиянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы (солдо) жана ишкер Ахмет Кайя (оңдо) менен. Сүрөт: Түркиянын Соода-өнөр жай палатасы.

Президент Алмазбек Атамбаев түрк компаниясынын акцияларын 2003-жылдын январында сатып жиберген соң байып кеткенин билдирген эле. Kloop.kg президенттин Түркиядагы дагы бир соода келишимин тапты, бирок ал 2006-жылы болгон. Бул материалда Атамбаев өз активдеринен кантип арылганы тууралуу кеп болот.

Атамбаев өз миллиондорунун келип чыгышы жөнүндө 5-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаева менен жолугушуу учурунда билдирген — ал Түркиянын Измир шаарындагы аты аталбаган өнөр жай ишканасынын акцияларын 2003-жылдын январында сатып жиберген соң доллар миллионери болуп калганын билдирген.

Президенттин айтымында, бул сатык ага 45 миллиард түрк лирасын алып келген, Атамбаевдин өзүнүн эсеби боюнча бул 35 миллион долларга барабар.

«Ата Мекен» партиясынын башчысы, оппозициячы Өмүрбек Текебаев. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы.

Ал өз байлыгынын булагын оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин дооматына жооп катары билдирген — Атамбаевди сындаган саясатчы президент Кипрде ишкерлик кызыкчылыгы бар экенин айтып, мамлекет башчысы Кой-Таш айылында кайсы акчасына үй салып жатканына кызыккан.

Коомдук ишмер жана мурдагы президент Роза Отунбаеваныны мурунку администрация башчысы Эдил Байсалов Атамбаевдин чыгарган эсебинен күмөн санап кирген. 2003-жылдын январына карата валюта курсу боюнча, 45 миллиард түрк лирасы 26 миң доллардан бир аз ашкан, ал эми 35 миллион доллар болжол менен 58 триллион түрк лирасына барабар болгон.

Кийинчерээк президенттин басма сөз кызматы эсептеги катаны моюнга алып, ал үчүн кечирим сурады. Атамбаевдин администрациясынын маалыматы боюнча президент чын эле «Elektromed Elektronik» компаниясынын акцияларынын 90 пайызын сатуудан 35 миллион доллар алган, ал эми 45 миллиард түрк лирасы — бул уставдык капиталдын суммасы экен, ал компаниянын базар баасына дайыма эле тең боло бербейт.

«Elektromed Elektronik» компаниясын аудитордук текшерүү жөнүндө президенттин басма сөз кызматы жарыялаган документ, ага ылайык компаниянын наркы 33,7 миллион доллардан ашкан. Маалымат булагы: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Атамбаев жана «Elektromed»

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов акцияларын Атамбаев саткан компания «Elektromed Elektronik» деп аталаарын 11-апрелде эле Kloop.kgге ырастаган. Бул компания тууралуу маалымат 11-апрелде «Тазабек» ишкерлик сайтында видео бет ачаар форматында чыккан.

Kloop.kgнин кабарчылары «Elektromed» компаниясы чын эле 2003-жылдын январында акционерлердин курамын алмаштырган-алмаштырбаганын жана акцияларды сатуудан Атамбаев канча акча алганын текшерип чыгууга аракет кылышты, бирок так маалымат ала алышкан жок.

Адатта компаниялардагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар Түркиянын Соода регистринин расмий бюллетенинде жарыяланып турат, бирок толук маалымат ал жерде 2003-жылдын октябрынан тартып гана бар экен, анткени бюллетендин мурдагы чыгарылыштары санариптештирилип, сайтка чыгарыла элек.

Ахмет Кайя Бишкектеги студенттер менен жолугушууда. Маалымат булагы: «Анадолу» агенттиги.

«Elektromed» компаниясынын өзү электр эсептегичтерди өндүрөт жана ири «Termikel Group» холдингине кирет. Компаниянын жазганына караганда, ал ушул эсептегичтерди чыгаруу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат, өндүрүштүн өзү болсо Анкарада жайгашкан.

«Фергана» агенттиги Кайяны Атамбаевдин «эң эски досу» жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын адамы деп эсептейт. Жарыкка чыккан видеого караганда, Атамбаев Кайянын уулунун үйлөнүү тоюнда конок болгон.

«Elektromed» ишканасын Кыргызстан менен «Termikel Group» компаниясынын башкы директору Ахмет Кайя байланыштырып турат, ал Кыргызстандын ТИМинин маалыматы боюнча кыргыз-түрк ишкер кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Алмазбек Атамбаев жана Түркиянын мурдагы президенти Абдулла Гүл Ахмет Кайянын уулунун үйлөнүү тоюнда.

«Кайя Алмазбек Атамбаев менен 1990-жылдардын аягынан бери тааныш, ал ошол кезде түрк инвестицияларын өзү менчиктештирип алган "Кыргызавтомаш" заводундагы аккумулятор жана авторадиатор өндүрүшүнө тартууга аракет кылып жүргөн. 2014-жылы Атамбаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен кошо Ахмет Кайянын уулунун үйлөнүү тоюна катышканы белгилүү», — деп жазат басылма.

Kloop.kg 2003-жылдын башында «Elektromed Elektronik» компаниясында чын эле өзгөрүүлөр болгонун билгенге жетишти, бирок алар кандай болгону так белгисиз. Бул фактынын өзү тууралуу маалымат 2003-жылдын 10-февралында расмий бюллетенде жарыяланган, бирок чоо-жайы такталган эмес.

«Elektromed Elektronik» компаниясындагы өзгөрүүлөр тууралуу 2003-жылдын 10-февралындагы маалымат. Толук маалыматка жеткилик жок, ушул эле скриншоттогу 2007-жыл үчүн маалыматтар да ушундай. Маалымат булагы: Түркиянын соода регистри.

2003-жылы Атамбаев мамлекеттик кызматкер болгон эмес — 2000-жылдан 2005-жылга чейин ал ишкерлик менен алектенип, саясаттагы карьералык тепкичинде 2005-жылдын мартында бийлик алмашкан соң гана көтөрүлө баштаган. 2010-жылдагы революциядан кийин Атамбаев адегенде премьер-министр, кийин президент болгон.

Атамбаев аялы экөө акция сатышканы

2002-жылдын декабрында жана 2003-жылдын январында сатылган акциялар тууралуу маалымат издеп жатып, Kloop.kgнин кабарчылары 2006-жылдын декабрында түзүлгөн Атамбаевдин башка соода келишими тууралуу маалыматты таап алышты.

Расмий маалыматка ылайык, Атамбаев аялы Раиса экөө «Foreks Makina» түрк компаниясындагы өз үлүштөрүн сатып жиберишкен, ал да электр приборлорун сатууга адистешет.

Түркиянын соода регистринин бюллетенинен скриншот, ал боюнча Алмазбек Атамбаев жана Раиса Атамбаева «Foreks Makina» ишканасындагы акцияларын сатышууда. Маалымат булагы: Түркиянын соода регистри.

Бул компанияда жубайлардын ар бири 2800 акцияга ээлик кылган, алардын ар биринин баасы 25 түрк лирасы болгон. Расмий маалымат боюнча бул сатык Атамбаевдерге 140 миң лира же 2006-жылдын декабрына карата болжол менен 98 миң доллар алып келген. Бул келишимдин базар баасы азырынча ачыкка чыга элек.

Раиса Атамбаева. Сүрөт: Кыргызстандагы UNICEFтин басма сөз кызматы.

«Foreks Makina» түрк жарандары Левент жана Ахмет Коркмаздардын ээлигине түшкөн, алар 2012-жылы компанияны «Elektromed Elektronik» ишканасына ээлик кылган «Termikel Group» компаниясындагы Ахмет Кайяга андан ары сатышкан.

Кийин, 2015-жылдын октябрында, Кайя «Foreks Makina» ишканасын «Elektromed Elektronik» менен бириктирген.

2006-жылдын аягында Атамбаев мамлекеттик кызматкер болгон эмес — 2006-жылдын апрелинде ал 2005-жылдын «жоогазын» революциясынан кийин дайындалган Кыргызстандын өнөр жай министринин кызматынан кетип, 2007-жылдын мартында болсо президент Курманбек Бакиевдин тушунда премьер-министр болгон.

Бирок Атамбаев «Foreks Makina» компаниясындагы акцияларды качан сатып алганы белгисиз — ал маалыматтар кагаз бюллетенде бар, бирок алар Түркиянын соода регистринин сайтында жарыялана элек.

Атамбаев өзү Түркияда кайсы бир учурда жашаганын жана ал жакта ишкерлик кылганын ырастаганы бар.

Бирок анын айтымында, ал Кыргызстанга 2005-жылдын мартындагы революциядан кийин кайтып келгенде өз активдерин сатып жиберген. 2015-жылдын жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында президент Түркияда ишкерлик кылбай турганын, ал жактан кимдир бирөө анын ишкерлигин тапса «өзүнө ала берсе болоорун» айткан.

Атамбаев жана Түркиядагы «кызыкчылыктар»

Атамбаевдин мүлкүнүн келип чыгышы боюнча суроолор президенттин Кипрде ишкерлик кызыкчылыгы бар экенин айткан оппозициячы жана «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин дооматынан кийин келип чыкты.

Текебаев далил катары Кипрден алынган документтерди жарыялоого ниеттенип жаткан, бирок ага жетишкен жок. Ал алдамчылык жана коррупция боюнча айыпталып, 26-февралга караган түнү кармалган, эми оппозициячы тергөө изоляторунда отурат.

Президент болуп шайланган соң Атамбаев Түркиянын бийлигине достук мамилесин далай жолу көрсөткөн. Ал жыл сайын Түркияга барып турат жана бир нече жолу президент Режеп Эрдоган менен жолугушкан.

Атамбаев Түркияга жалаң гана саясий маселелер менен барган эмес — президент маал-маалы менен түрк дарыгерлеринен дарыланып ден соолугун чыңдап турат. 2014-жылы Атамбаев ал жактан тизесине операция жасаткан, ал эми 2016-жылы ооруканага жаткырылып, Измирде инсульттан кийин текшерүүдөн өткөн.

Авторлошу: Александра Титова

Маалымат издөөдө Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун (OCCRP) маалымат базасы пайдаланылды.