Кемин районундагы жол кырсыгында алты киши курман болуп, экөө жабыркады

Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын жанында «Мерседес-Бенц» кичи автобусу менен «Тойота Хайлендер» автоунаасы бетме-бет кагылышты. Алты киши курман болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгы 13-апрелде болгонун кабарлады.

«Мерседес-Бенц» кичи автобусу менен «Тойота Хайлендер» жеңил автоунаасы бетме-бет кагылышты. Алар «Хонда Одиссей» автоунаасына да тийди.

Натыйжада «Тойотанын» төрт жүргүнчүсү жана кичи автобустун эки жүргүнчүсү мерт болду. Дагы эки жабыркаган киши Кемин райондук ооруканасына жеткирилди.

Баштапкы маалыматтар боюнча мерт болгондордун арасында төрт аял жана эки эркек киши бар.

Жол кырсыгынын себептери азырынча аныктала элек. Укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүшүүдө.

Мурда 8-апрелде ушул эле жолдун 79-чакырымында үч автоунаа кагылышып, натыйжада беш киши каза таап, төртөө ооруканага түшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: