Кыйноо боюнча ТИЗОго камалган милиционерлер соттун чечимине каршы даттанышты

Кыйноо боюнча айыпталып жаткан үч милиция кызматкери Москва райондук сотунун аларды камакка алуу тууралуу чечимине каршы даттанышты. Арызды Чүй облустук соту карайт.

Айыпталуучу тарап Москва райондук сотунун кыйноо боюнча айыпталып жаткан үч милиция кызматкерин камакка алуу тууралуу чечимине каршы даттанды.

Айыпталуучулар жабыркаган адамга жана анын туугандарына кысым көрсөтүп жатышкандыктан сот аларды камакка алууну чечкен. Милиция кызматкерлери ТИЗОго камалган.

Жабыркаган адамдын адвокаты Мунарбек Супатаев соттолуучулардын камакка алынышын туура деп эсептейт.

Супатаевдин айтымында, 5-апрелде Москва райондук соту жабыркаган адамды жана анын үй-бүлөсүн коргоону камсыз кылуу боюнча токтом кабыл алган.

«Эркиндикте жүргөндө соттолуучулар жабыркаган кишиге чындап коркунуч келтиришкен […] Алар анын энесин, атасын опузалашкан», — деди Супатаев.

Анын айтымында, жабыркаган тарапты ал тургай түрмодө жазасын өтөп жаткан кишилер да коркутушкан.

Жабыркаган жигиттин энеси Михрай Мусабаева Kloop.kg менен болгон маекте ага да, күйөөсүнө да телефон чалып коркуткандар болгонун айтты. Анын айтымында, чалган киши өзүн «үчүнчү зонанын положенеци» деп тааныштырган.

«Ал: “Силердин уулуңар коопсуздукта эмес, азыр баарын эле өлтүрүп кетип жатышат, силердин уулуңарды өлтүрүп кетиш деле эч кандай кыйын эмес. Ал жөнөкөй эле киши, аткаминерлер менен жогорку бийликтегилерди өлтүрүп кетип жатышса, силердин уулуңар сыяктуу жөнөкөй адам кеппи” деди», — дейт Мусабаева.

Москва районунун прокуратурасы соттолуучулар жабыркагандарга кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын аныктады.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, өздөрүн түрмөдө жаза өтөп жаткан киши, соттолуучулардын туугандары катары тааныштырган белгисиз адамдар жабыркагандардын туугандарын өлтүрүп кетебиз деп коркутуп, көрсөтмөсүн соттолуучулардын пайдасына өзгөртүүнү талап кылышкан.

Көрсөтмө алыш үчүн кыйноо

Милиция кызматкерлеринин үстүнөн 19 миң сомду уурдады деп айыпталган үч киши арызданган. Жабыркагандардын айтымында, Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды «сабап отуруп» кылмышты моюнга алдырууга аракет кылышкан.

Жабыркагандардын бири башка жана денесине сокку жегенин айтты. Анын сөзү боюнча ыкчам кызматкерлер анын башына пакет кийгизип, ал маал-маалы менен эс-учун жоготуп турган. Ал каршылык көрсөтпөшү үчүн анын үстүнө отургуч коюп, ошол эле отургуч менен колго урушкан.

Сот-медицина жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар жабыркагандардын айтканын ырастаган.


ТЕМА БОЮНЧА: