Нөшөр Кыргызстандын түштүгүнө сел коркунучун алып келди

Нөшөрлөп жааган жаан өлкөнүн түштүгүндө дарыялардын деңгээлин кескин жогорулатты. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда катуу кирген Кара-Үңкүр суусу көпүрөнү алып кетти. Ош облусунда ӨКМдин куткаруучулары бул дарыянын жээктерин бекемдешүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кырызстандын түштүгүндө сел жана ташкын коркунучу күч алганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жаанчыл аба ырайы жана жазында кардын эриши дарыялардын суусун кескин жогорулатты.

«Эки күн жаан жаап, анан күн тийип тоодо кар эрип, ошол себептен улам суу катуу кирип атат», — деп билдирди ӨКМ.

Жалал-Абад облусундагы Тентек-Сай-Чарбак жана Көк-Арт дайраларынын деңгээли опурталдуу чекке жакындап келатат.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр суусунун агымы Могол айылын райондук борбор менен байланыштырган көпүрөнү алып кетти. Жергиликтүү тургундар айылдан беш чакырым алыс турган эски көпүрөнү пайдаланууга аргасыз болушууда.

Ош облусунда бул суунун жээктерин ӨКМдин куткаруучулары кум салынган каптар менен бекемдешүүдө.

Өлкөнүн түштүгүндө 17, 18 жана 21-апрелде жаан-чачын болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов болжолдуу чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга министрликтин даярдыгын күчөтүүгө буйрук берди.


ТЕМА БОЮНЧА: