«Вечерний Бишкек» менен «К-Ньюс» Атамбаевди колдогон окшош макала чыгарышты

«Вечерний Бишкек» менен «К-Ньюс» сайттарында дээрлик окшош макалалар жарык көрдү. Эки материал тең президенттин администрациясынын катасынан кийинки сын пикирлерден Алмазбек Атамбаевди коргоп жазылган.

«Вечерний Бишкек» басылмасы «Оппозициянын “алаксытуусу” же Кантип мыйзамсыз баюу тууралуу суроолордон качса болот (“Отвлекуха” от оппозиции или Как избежать вопросов о незаконном обогащении)» деген аталыштагы материалды 13-апрель күнү саат 13:48де чыгарган. Макаланын автору катары Кира Саввина көрсөтүлгөн.

Макалада айтылгандай, Атамбаевдин оппоненттери өз мүлктөрүнөн коомчулуктун «көңүлүн алаксытыш» үчүн басма сөз борборунун президенттин байлыгы жөнүндөгү «катасына жармашып алышкан».

«Оппозициячы мырзалар коомчулуктун көңүлүн эптеп алаксытыш үчүн жаңы эч нерсе ойлоп таба алышкан эмес. Коомчулук Атамбаевдин сөзүнөн кийин айрым саясатчылар кантип байып кеткени жөнүндө ойлоно баштаган эле», — деп жазат материалдын автору.

«Вечерний Бишкек» интернет басылмасынын сайтындагы макаланын скриншоту.

Андан ары материалда, автордун ою боюнча, «революциядан кийин байып кеткен» оппозициячылардын аттары аталат: алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, анын ичинде Өмүрбек Текебаев да бар.

«Мисалы революциядан кийин мультимиллионер болоюн деп, өзүнүн байлыгын дээрлик жүз эсе арбытып алган Өмүрбек Текебаев, эгерде ага жана анын үй-бүлөсүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү ала турган болсок», — деп жазат макаланын автору.

Саввина «байып кеткендердин» арасына парламент депутаттары Аида Салянова менен Каныбек Иманалиевди жана Текебаевдин мурдагы партиялашы Равшан Жээнбековду да киргизет.

Материалдын автору, ошондой эле, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Эмилбек Каптагаевди, Кеңешбек Дүйшөбаевди жана Эдил Байсаловду да эскерет.

Макаланын авторунун пикири боюнча, бул адамдар кайсы каражаттарга жашап жатышканын айтып бериши үчүн аларга карата мыйзамсыз баюу боюнча Кылмыш кодексинин беренелерин колдоно башташ керек.

«Атамбаев туура айтат, бул беренени колдонуш керек. Натыйжада бул бардык мамлекеттик аткаминерлерге, парламент депутаттарына сабак болушу үчүн прецедент түзүш керек», — деп жазылат макалада.

Дээрлик ушундай эле, сөзмө-сөз макала «К-Ньюс» порталында да жарык көргөн, бирок темасы «Мыйзамсыз баюу боюнча берене кимге колдонулушу мүмкүн (Кому может грозить статья о незаконном обогащении)» деп аталат. Анда автор катары басылманын редакциясы көрсөтүлгөн.

«К-Ньюс» интернет басылмасынын сайтына чыккан макаланын скриншоту.

«Кадыресе макала»

Kloop.kgнин кабарчысы материалдын автору Кира Саввина менен сүйлөшүүгө аракет кылды, бирок «Вечерний Бишкек» интернет басылмасынын башкы редактору Виктория Куренёва автор менен байланыштыруудан баш тартты.

«Бул кадыресе эле макала. Менимче, ал жерде ансыз деле түшүнүктүү. Кирадан кандайдыр бир комментарий алышыңыз күмөн, мен сизди байланыштырбайм», — деди ал.

Президенттик кызматка ат салышып жаткан депутат Өмүрбек Бабановго жакын болгон «К-Ньюс» интернет басылмасынын редакторлорунун бири бул материалды жарыялап койгонун, бирок автору ким экенин билбей турганын айтты.

«Бардык суроо боюнча башкы директорго кайрылыш керек. Макаланын авторун мен билбейм, мага жаңылыкты беришти эле, мен жөн гана сайтка чыгарып койдум», — деди ал.

«К-Ньюстун» башкы директору менен байланышуудан майнап чыккан жок.

Өлкө башчысын коргогон бирдей макалалар президенттин администрациясы Атамбаевдин 2003-жылы түрк ишканасындагы акцияларын саткандан кийинки кирешеси тууралуу сандарда ката кеткени үчүн кечирим сурагандан кийин пайда болгон.

Сандардагы дал келбестикти коомдук ишмер Эдил Байсалов байкап калган. Ал ошол учурдагы түрк лирасынын долларга карата курсун текшерген. Анын эсеби боюнча, Атамбаев басма сөз борбору көрсөткөндөй 35 миллион доллар эмес, 26 миң доллардан бир аз ашык сумма алган.

Президенттин администрациясы ишкананын базардагы наркы менен компаниянын уставдык капиталын чаташтырып алган.


ТЕМА БОЮНЧА: