Кримтөбөл «Сакал» ачкачылык жарыялады

«Сакал» каймана аты менен белгилүү криминалдык төбөл Улан Токтосунов ачкачылык жарыялады. Ал Нарын ТИЗОсунан Бишкектикине которулушту каалайт. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагылар (ЖАМК) Токтосуновдун ачкачылык жарыялаганы тууралуу билбей турганын айтышты.

Улан Токтосунов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмүн уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылып, 17 жыл абак жазасына кесилген.

Соттун чечиминен кийин ал Нарындагы ТИЗОго камалган. Токтосуновдун аялы жолдошунун каттоосу башкалаада болгондуктан аны Бишкектеги ТИЗОго которушу керек деп эсептейт.

«Мага ар жума Нарынга баруу кыйын, үч балам бар, аларды туугандарыма таштап турганга туура келет, — деп нааразы болот ал. — Ал өзү жалгыз бир камерада жатат, аны Бишкекке алып келип, өзүн жалгыз камаганга эмне тоскоолдук болуп жатат?»

ЖАМК Токтосуновдун ачкачылык жарыялаганы туурасында эч нерсе билбей турганын билдирди.

«Аны Нарында камоо боюнча соттун чечими бар, биз аны аткарып жатабыз. Абакка кесилгендердин кайда камалышын ЖАМК чечпейт», — деди ЖАМКдан.

Ушул эле иш боюнча Токтосуновдон тышкары Зыпарбек Алиев 18 жылга, Дастан Таштанбеков төрт жылга эркинен ажыратылган. Камалгандардын туугандары соттун чечимине макул эмес жана аны даттануу ниетинде.


ТЕМА БОЮНЧА: