Кантип iPhoneду өз колуң менен жасасаң болот?

Скотти Аллен

Google компаниясынын мурдагы кызматкери жана Кремний өрөөнүнүн «селсаяк» хакери Скотти Аллен iPhone 6Sти өз колу менен чогултуп жасаган. Ал смартфонду Кытайдагы базарлардан сатып алган тетиктерден беш ай аралыгында жасап чыккан. Анын смартфон жасаганы тууралуу видео YouTubeда кызуу талкууга алынган тасма болуп калды.

Америкалык Скотти Аллен смартфон жасап, ар бир кадамын видеого тартып алган.

Америкалык хакердин видеосу YouTubeга 12-апрелде чыгарылып, эки күндө 1,5 миллиондон ашык адам көрүп, «Тренд болуп жаткан видеолор» бөлүгүндө пайда болгон.

Kloop.kgнин кабарчысы Метин Жумагулов Кремний өрөөнүнүн «селсаяк» хакери менен маек курду.

Баяндоо Скотти Аллендин атынан жүргүзүлөт.

Менин атым Скотти Аллен. Мен хакер жана инженермин.

Мен өзүм АКШнын Сан-Францискосунанмын. Google компаниясында иштеп, белгилүү стартаптарга катышкам. Соңку үч жылдан бери дүйнө жүзүн кыдырып жүрөм.

Бир жарым жылдай мурун мен Кытайдын Шэньчжэнь шаарына (Гонкгонг шаарынын жанында) электроника өндүрүш жараянын жакындан таанып билүү үчүн келгем.

Мен ар дайым электроника, IT-технология менен байланышым бар болчу, эми мен аны андан да тереңирээк изилдей алам.

Мен бул жерди жакшы көрүп калдым. Шэньчжэнде мен өтө көп убактымды өткөрөм.

Тилектештерим менен мобилдик телефондордун базары деп атап койсо боло турган жерде көп жүрдүм. Ал жерде негизинен ар кандай тетиктер менен деталдарды сатышчу.

Биз аларды көп деле ийне жибине чейин биле бербейт элек. Ичибизден бирибиз: «Мага кызык болуп атат, силерден бириңер өзүнүн телефонун чогултуп жасап чыга алабы?» деп айтты.

Бул идея башымда туруп алды. Бул мага бир чакырык катары угулган болчу. Мен аны кабыл алдым.

Бул мобилдик телефондор менен смартфондордун базары тууралуу тереңирээк билип алганга жакшы бир мүмкүнчүлүк болчу.

Өз алдынча смартфон жасап, видеого тартканга чейин мен бул тууралуу тогуз ай ойлонгом.

Эмне үчүн iPhoneду тандап алдым? Жакшы суроо болду, көпчүлүгү эле ушул суроону беришет. Биринчиден, мен iPhoneду башка смартфондорго караганда жакшыраак билем. Өзүм да ошол смартфонду колдоном.

Экинчиден, Кытайда Apple менен байланыштуу болгон аябай көп нерсе бар. Бир гана телефондор эле эмес, ошондой эле ар башка деталдар, тетиктер, корпустар жана башка көптөгөн нерселер. iPhone аябай популярдуу.

Ал эми iPhoneдун «курамын» шаардагы дүкөндөрдөн оңой эле табууга мүмкүн болгондуктан, аны чогултуп жасаоо оңой эле болуп калат.

Бул бренд дүйнөгө белгилүү болгондуктан iPhoneду жасоо кызыктуураак болот деп да ойлодум.

Буга чейин менин тажрыйбам жок болчу. Мен биринчи жолу мындай нерсе жасап атам. Чынын айтканда, бул мен телефондун «ичин» көрүп жаткан биринчи учурум (күлүп).

Мен туш болгон эң кыйын нерсе — кытай тилин начар билгендигим болду (күлүп).

Андан да кыйыны телефонго кеткен тетиктерди табуу болду, анткени кайсы нерсени кайдан алууну билүү да керек болду.

Процессор табуу кыйын болду. iPhoneдо турган процессорго окшош тетикти да жөн эле таба албайсың. Жалгыз ыктымал жолу — бул iPhone сатып алып, анын ичин ачып, процессорун алуу.

Процессорду кантип жөндөдүм — бул өзүнчө бир окуя, бул тууралуу кийинки видеотасмада айтып берсем керек.

Дагы бир кыйынчылык — бул өзүнчө системалык палатаны түзүүгө аракет кылганым, анын техникалык жактарын видеодон көрсөңөр болот.

Мунун баарына мен 1000 доллардай акча короттум. Акчанын көбү деталдар менен шаймандарга кетти. Бирок эми тажрыйба топтогондон кийин дагы эксперимент кылгым келсе, анда 300 доллар коротсом болот.

Чечим кабыл алуудан баштап, видеону презентация кылганга чейинки жараян беш айды камтыды. Ал эми негизги жумуш — телефонду жасап, видеого тартуу — эки айга созулду.

Мен жараткан смартфонду текшерип да көрүш керек болчу, буга байланыштуу көйгөйлөр да болду. Видеонун монтажы менен сюжетти даярдоо да көп убакытты алды.

Мен жасаган iPhone менен Appleдин iPhoneу дээрлик окшош. Менин эки телефонум бар, эгерде силерге экөөнү тең көрсөтсөм, анда айырмасын деле сезбейсиңер.

Албетте, Appleдин iPhoneунун кепилдик мөөнөтү бар жана ал бул чөйрөдөгү тажрыйбалуу адамдар тарабынан жасалган. Ошондуктан ал мыктыраак деп айтканга болот.

Өзүмдүн жеке бизнесимди ачууну же телефондорду жасоону пландабай элемин. Бул жөн гана эксперимент болчу.

Чынын айтсам, менин эмгегим мынчалык популярдуу болуп кетет деп күткөн эмесмин. Азыр болуп жаткан нерсе — бул жиндилик (күлүп).

Көп адамдар мага жазып, жетишкендигим менен куттуктап жатышат. «Бул аябай сонун видео экен! Биз сени көрүп жатабыз!» деген пикирлерди көп көрүп жатам.

Мага адамдар таң калып, толкунданып жаткандай туюлуп жатат.

Мен өзүм да аябай толкунданып, бул ишти бүтүргөнүмдө кубангам. Бул аябай көп убакытты жана мээнетти алды, кээде колумдан келбейт го деп да ойлоп кетип жаттым. Албетте, мен өзүмө ыраазымын.

Кызыктуу окуяны бөлүшкүм келгендиктен мен видеого тартып алдым.

Видеожурналистика чөйрөсү мени арбап алды, бул мага аябай жагып калды.

Чынын айтайын, бул мен Кыргызстанга баргандан кийин, Kloopтун видеолорунан эргүү алып башталып кетти.

Мындан ары да IT технология тармагына байланыштуу тасмаларды, өзүмдүн окуяларымды жана саякаттарымды видеого тартууну уланта бермекчимин.

Мен жан дилим менен Кыргызстанга кайра баргым келет. Силер жакта жакшы убакыт өткөрдүм.

Менин оюмча, Кыргызстан дүйнөгө ачык жана демократиялык өлкө катары мыкты мисал, бул биздин дүйнөдө өтө керек. Kloop дагы өлкөнүн маанилүү бир бөлүгү.

Мен бул ЖМКнын жана редакцияда өзүм кезиктирген ар бир кызматкердин ишмердүүлүгүнөн таасир алдым. Жалпысынан алганда, мага Кыргызстан жагат жана мен азырга чейин таң калам.


ТЕМА БОЮНЧА: