Өзгөн: Жер көчкү эки үйдү басып калып, бир киши каза болду

Ош облусунун Шамал-Терек айылында жер көчкү эки үйдү басып калып, натыйжада бир киши курман болду. Куткаруучулар анын сөөгүн топурактын ичинен алып чыгышкан.

21 миң куб метр көлөмүндөгү жер көчкү Өзгөн районуна караштуу Шамал-Терек айылында эки үйдү 15-апрелге караган түнү басып калган.

Үйлөрдүн биринде 56 жаштагы жергиликтүү тургун Сүйүндүк Касымов болгон. Куткаруучулар Касымовдун сөөгүн 16-апрель күнү эртең менен гана таап алып чыгып, туугандарына өткөрүп берген.

Жер көчкү бир эле үйдү басып калды деп кабарланып жаткан болчу. Куткаруучулар аныктап чыккандай, жер көчкү бир эмес, эки үйдү басып калган. Издөө иштери уланууда.

Жеринде 60тай куткаруучу иш алып барып жатат жана ал жерге казуучу техникалар тартылган. Окуя болгон жерде ӨКМнин башчысынын орун басары Равшан Рысбаев жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев жүрөт.

Өзгөн районунда көчкү коркунучунан улам Кысык-Алма айылынан төрт үй-бүлө эвакуацияланган.

Ушул жылдын март айынын соңунда да Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында жер көчкүдөн алты кишиден турган бир үй-бүлө набыт болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: