Бийлик авиакырсыктан жабыркаган кыштак тургундарын көчүрбөйт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жүк ташуучу «Боинг-747» 2017-жылдын 16-январында кулап түшкөн Дача-СУ кыштагынын тургундарын көчүрө турган жер жок экенин билдирди. Жабыркаган тургундар көчүрүүнү талап кылып эки жолу митингге чыгышкан.

Жээнбеков учак кулап түшкөн кыштактын тургундарын көчүргөнгө жер жок экенин айтты.

«Жер жок. Көчүргөнгө мүмкүнчүлүк жок. Курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөйбүз. Бирок көчүрбөйбүз. Аны ачык айтыш керек», — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчысы бир ай ичинде учактын ээси болгон түрк компаниясы Кыргызстандын жетекчилигине компенсацияын экинчи бөлүгүн которо тургандыгын билдирди. Андан соң анын айтымында акчанын баары жабыркагандардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Митингдер

Кыштак тургундары эки жолу митингге чыгып, көчүрүп кетүүнү талап кылышкан.

Митингдегилер такай учкан учактардын айынан Дача-СУда жашагандан коркушаарын, керосиндин жыты болсо алардын ден соолугуна зыян тийгизээрин айтышкан.

Кыштак тургундары аларды көчүргөнгө бош жер бар экенин, бирок бийлик аракет кылбай, аны бөлүп бергиси келбей жатканын билдиришкен.

Андан тышкары, алар бийлик каргашадан бери үч ай өткөнүнө карабастан курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсацияны бөлүштүрүп бере электигине нааразы болушкан.

Пикетчилер эгерде бийлик эч кандай чара көрбөсө алда канча чоң митигнге чыгууга убада беришкен.

Жабыркагандарга компенсация

Кырсыктан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын эсеп ачып, ага 100 миллион сом топтолгон.

Андан тышкары, кулап түшкөн учакка ээлик кылган түрк компаниясы өлкөнүн өкмөтүнө 42 миллион сом которду.

Бирок кырсыктан бери үч ай өткөндөн кийин деле бул акча жабыркагандардын арасында бөлүштүрүлө элек.

Бийлик каражатты бөлүштүрүү менен кыштак тургундарынын өздөрү да кирген атайын комиссия алек болуп жатканын билдирген.

Жүк ташуучу «Боинг-747» Дача-СУ кыштагына 16-январда эртең менен, «Манас» аба майданына май куя кетиш үчүн конгонго жетишпей кулап түшкөн. Натыйжада 39 киши, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү курман болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: