Боршайком менчик телеканалдарга үгүт жүргүзүүгө уруксат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын ноябрында өтө турган президенттик шайлоодогу үгүт мамлекеттик да, жеке менчик да телеканалдарда боло турганын билдирди. Мурда БШК жеке менчик телеканалдардагы үгүткө тыюу салгысы келген.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жеке менчик телеканалдарга президенттик шайлоодо үгүт жүргүзүүгө тыюу салынбай турганын жарыялады.

БШК телеканалдар бардык талапкерлерге жана саясий партияларга бирдей мамиле принцибин сактай турганын билдирди.

«Талапкерлерге, саясий партияларга эфирдик убакыт берген телерадиоуюмдар менчик формасына карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга эфир убактысын ошондой эле шарт менен бериши керек», — деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

Мурда БШКнын төрайысы Нуржан Шайлдабекова жана анын мүчөлөрү Гүлнара Журабаева менен Назарали Арипов жеке менчик телеканалдарга үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча демилге көтөрүшкөн.

Демилгечилер өз сунушун бардык талапкерлерге бирдей шартты камсыз кылуу менен түшүндүрүшкөн.

«Талапкерлер үчүн бирдей шартты жана мүмкүнчүлүктү мамлекеттик телерадиокомпаниялар гана түзө турган дүйнөлүк тажрыйба бар. […] Ошондуктан мамлекеттик телеканалдарда гана бөлүнгөн эфир убактысынын алкагында үгүт жүргүзүүгө уруксат берүү маселеси келип чыкты», — деди Арипов.

Демилгеге Кыргызстандын жеке менчик телеканалдарынын өкүлдөрү каршы чыгышты. «Ошпирим» телеканалынын башкы продюсери Алымбек Апызаков жарнама базарынын жоктугунан улам жеке менчик телеканалдар шайлоодогу үгүт убагында аз да болсо акча таап алышаарын айтты.


ТЕМА БОЮНЧА: