Петербург: Сот алты кыргыз жаранын камакка алды

[ File # csp10288552, License # 2865814 ] Licensed through http://www.canstockphoto.com in accordance with the End User License Agreement (http://www.canstockphoto.com/legal.php) (c) Can Stock Photo Inc. / albund

Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту «террорчулук иштерге жардам бергени» үчүн айыптап, Кыргызстандын алты жаранын жана Өзбекстандын эки жаранын 4-июнга чейин камакка алды.

Сот 7-апрелде Кыргызстандын алты жаранын:

  • Баходир Мадрахимовду;
  • Шухрат Сатымбаевди;
  • Атабек Рустамовду;
  • Азизбек Рустамовду;
  • Исламбек Ойбек уулун;
  • Искандер Нурбаевди камакка алды.

Ошондой эле Өзбекстандын эки жараны:

  • Феруз Инаков;
  • Журабек Муратов 4-июнга чейин камакка алынды.

Кармалгандардын баары террорчулук иштерге жардам берген, Орто Азиядан баргандарды «Жебхат ан-Нусра» жана «Ислам мамлекети» террордук уюмдарына тарткан деп айыпталууда.

Петербург метросундагы террордук чабуул

Орто Азиядан баргандарды кармоо 3-апрелдеги Санкт-Петербургдун метросундагы террордук чабуулдан кийин башталды.

Жарылуу «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон. Террордук чабуулдун айынан 15 киши курман болуп, 50дөн ашык адам жабыркаган.

Тергөө комитети террордук чабуулду Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов аткарганын аныктады.

Петербургдун Тергөө комитети 7-апрелде метродогу террордук чабуулга шектүү сегиз кишини камакка алды. Иш боюнча тергөө улантылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: