Сот «Элдик парламенттеги» оппозициячыларды күнөөлүү деп тапты

Биринчи май райондук соту «Элдик парламенттеги» оппозициячылар Дастан Сарыгуловду, Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду бийликти басып алуу аракетине күнөөлүү деп тапты.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат Kloop.kgге Дастан Сарыгулов төрт жылга кесилгенин, анын үч жылы шарттуу жаза экенин кабарлады.

Бектур Асанов күчөтүлгөн тартипте 12 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынды. Кубанычбек Кадыров мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Эрнест Карыбеков күчөтүлгөн тартиптеги колонияда 20 жылга эркинен ажыратууга кесилди.

«Бул таптакыр мыйзамсыздык, бул үчүн бир кезде Атамбаев жооп берет», — деди ал.

Адвокаттар соттун чечимине каршы даттанууга камынышууда.

Сот процесси жабык тартипте өттү. Коргоочу тарап соттон айыпталуучуларды актап чыгууну суранды, мамлекеттик айыптоо 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууга үндөдү.

Зульфия Мараттын айтымында, сотто өкүмдү угузууга айыпталуучулардын туугандары гана киргизилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда камакка алынган оппозициячыларды колдоо иретинде алардын 100гө жакын тарапкери жөө жүрүшкө чыкты.

Митингге чыккандар жергиликтүү милиция бөлүмүнө келип, камакка алынган оппозициячларды бошотууну талап кылышты.

«Элдик парламенттин» мүчөлөрүнүн камакка алынышы

2016-жылдын мартында атайын кызмат өкүлдөрү оппозициячыл «Элдик парламенттин» мүчөлөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүн жарыкка чыгарышкан.

Аудио жазмада парламенттин IV чакырылыштагы мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы жардамчысы Дуулатбек Турдуналиев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жапырт баш аламандык уюштурууну талкуулап жатышканы айтылган.

УКМК тогуз оппозициячыга каршы «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ошондон кийин атайын кызмат өкүлдөрү Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Дастан Сарыгуловду, Бекболот Талгарбековду, Төрөбай Колубаевди, Марат Султановду, Александр Гусевди жана Тойгонбек Калматовду камакка алышкан.

Оппозициячылардын туугандары менен тарапкерлери аларды тергөө бүткүчө бошотууну талап кылып бир нече жолу митингдерге чыгышкан. Бирок атайын кызмат өкүлдөрү Дастан Сарыгуловду гана ден соолугуна байланыштуу үй камагына кое беришкен.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө «Элдик парламент» кыймылынын өкүлдөрү «өлкөдөгү туруктуулукту бузуп, кандай жол менен болсо да бийликке жеткиси келишкенин» айткан.

«[…] Эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы катары, Кыргызстандын президенти катары: "Жетишет! Тажатты!" деп түз айткым келет. Мындан ары өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракеттеринин бардыгы тең катаал жол менен токтотулат», — деген эле ал.


ТЕМА БОЮНЧА: