Бийлик жолдун ондолушунан улам Бишкектен Кара-Балтага экспресс-поезд жүргүзөт

Парламент депутаты Дастан Жумабеков Бишкек — Кара-Балта жолу кайра курулуп бүткүчө бул багытта экспресс-поезд жүргүзүүнү сунуш кылды. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков колдоп, муну өкмөткө тапшыраарын айтты.

Депутат Дастан Жумабековдун айтымында, жолду кайра куруу башталганда Бишкек — Кара-Балта трассасында тыгын күчөйт. Бул маселени чечиш үчүн ал өкмөткө темир жол менен экспресс-поезд жүргүзүүнү сунуш кылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунушту колдоого алып, бул каттам боюнча экспресс-поезд уюштурууну «Кыргыз темир жолу» менен Транспорт жана жолдор министрлигине тапшыраарын айтты.

«Кыргыз темир жолунун» басма сөз катчысы Эркинбек Каимов Kloop.kgге мындай тапшырма аларга азырынча келбегенин билдирди.

«Бизде филиалдар, станциялар, бөлүмдөр бар, биз адегенде муну макулдашып туруп, ошондон кийин экспресс-поезд жүргүзсөк болот. «Бишкек-Мерке» поезди күн сайын эртең менен, кечинде жүрүп турат, азыр эл аны менен Беловодскиден да, Кара-Балтадан да каттайт», — деди ал.

Транспорт министрлиги 2017-жылдын 28-мартында Бишкек — Кара-Балта автоунаа жолунун кайра курулушу боюнча «China Railway № 5» компаниясы менен контрактка кол койгон. Жолдун оңдолушуна 70 миллион доллардан ашуун каражат бөлүнгөн. Жол орто эсеп менен үч жылда кайра курулат.


ТЕМА БОЮНЧА: