Президенттин басма сөз кызматы Атамбаевдин 2006-жылы акция сатышын түшүндүрдү

«Foreks Makina» түрк компаниясынын акцияларын Алмазбек Атамбаев 2006-жылы сатканы тууралуу жаңы маалыматтар анын бийликке келгенге чейин эле бардар адам болгонун көрсөтөт — президенттин басма сөз кызматы Атамбаевдин президент болгонго чейинки Түркиядагы ишкерлиги тууралуу Kloop.kgнин материалына ушинтип жооп берди.

Президенттин администрациясынын басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов Kloop.kgге жөнөткөн катында президенттин акциялар менен жүргүзгөн бардык бычымдары, анын ичинде «Foreks Makina» компаниясындагы үлүшүн 2006-жылы сатышы мыйзамдуу экенин жазды.

«Бул мамлекет башчысы 2010-жылдагы революциядан кийин байып кетпегенин жана капитал топтобогонун көрсөтүп турат. Акциялар менен болгон бычымдардын баары толук мыйзамдуу экенин белгилей кетүү зарыл, алар тууралуу маалыматтарды ачык булактардан тапса болот. Ал жерде баары так», — деп жазды Үсөнов.

Kloop.kgнин иликтөөсү: Атамбаев Түркиядагы активдерин кантип саткан?

Ал президенттин байлыгы ачыкка чыккандан кийин Кыргызстандын бийлиги оппозициячылардан ошондой эле кадамды күтүп жатышканын билдирди. Үсөнов Атамбаевди сындагандар 2010-жылдагы революциядан кийин «капитал топтоп алышкан» дейт.

«Алар сөздүн нугун президенттин байлыгына бураары түшүнүктүү», — деп жазат президенттин басма сөз катчысы.

Буга чейин Атамбаев өзү оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевди «талоончулук» боюнча далай жолу күнөөлөгөн. Азыр Текебаев коррупция боюнча айыпталып камакта отурат.

Үсөнов апрель революциясынан кийин «кызмат абалын жекече максатта пайдаланууга жол бербеш үчүн» мыйзамсыз баюу тууралуу берене кабыл алынганын баса белгиледи.

«Же эмне, айрым саясатчылар өзүнөн өзү эле кол тийбестик укугуна ээбиз деп ойлошту беле? Тилекке каршы, алар терең жаңылышат», — деп жыйынтыктады Үсөнов.

Президент Алмазбек Атамбаев 5-апрелде өз байлыгынын келип чыгышы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Ал маалыматка ылайык, Атамбаев 2003-жылы азыр ишкер Ахмет Каяга таандык болгон «Elektromed Elektronik» түрк компаниясынын акцияларын сатуудан 35 миллион доллар киреше тапкан.

Атамбаевдин кеңешчиси жана досу: Түрк ишкери Ахмет Кая ким?

Маалымат президенттин Кипрде ишкерлик кызыкчылыгы бар деп шек санап, анын Кой-Таш айылындагы үйү кайсы акчага салынганына кызыкка оппозициянын сын пикирине жооп катары ачыкка чыгарылган.

Kloop.kgнин редакциясы 12-апрелде Атамбаевдин 2000-жылдардын башындагы Түркияда жүргүзгөн ишкерлиги тууралуу иликтөө жарыялаган. Документтерди изилдөөнүн жүрүшүндө Kloop.kg Атамбаев 2003-жылдагы бычымдан тышкары аялы Раиса экөө 2006-жылы «Foreks Makina» түрк компаниясынын акцияларын сатышканын аныктап чыккан.

Расмий маалыматка ылайык бул бычым Атамбаевге 140 миң лира же 2006-жылдын декабрына карата курс боюнча 98 миң доллар алып келген.