Түркияда референдумдун жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялары болду

Түркияда бир нече шаарлардын тургундары 17-апрелде президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен референдумдун жыйынтыктарына каршы нааразылык акцияларына чыгышты.

Стамбулдун миңдеген тургундары Түркияда өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктарына каршы 17-апрелде митингге чыгышты.

Демонстранттар Стамбулдун көчөлөрүнөн басып, идиш-аягын калдыратышты — бул Түркияда нааразылык билдирүүнүн кеңири тараган жолу.

Стамбулдагы нааразылык акциялары. Сүрөт: AFP.

Митингдегилер «Ууру, киши өлтүргүч — Эрдоган» деп кыйкырып жатышты. Митингдин катышуучулары өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып, добуш берүүнүн бурмаланганын билдиришти.

Митингдегилердин коопсуздугун камсыз кыла турган полиция аларды ар-намыска шек келтирүүчү ураандарды чакыруудан оолак болууга үндөп жатты. Стамбулда митингчилер кармалган жок.

Анталья шаарында нааразылык акциясынын учурунда 13 демонстрант кармалды. Нааразылык ишараты Анкара менен Измирде да болду.

Бул шаарлардын тургундары референдумда каршы добуш беришкен. Бул шаарларда Түркиянын калкынын чейрек бөлүгү жашайт.

Түрк оппозициясы референдум учурунда мыйзам бузууга жол берилгенин айтып, анын жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды.

Мындан тышкары, ЕККУнун эл аралык байкоочулары референдумду өткөрүү Европа Кеңешиин стандарттарына туура келбегенин билдирди. Эл аралык эксперттердин пикиринде, жарандардын демократиялык жараян үчүн зарыл болгон түпкүлүктүү укуктары кемитилди.

«Биздин байкоо "Ооба" деген жооптун пайдасына үгүт өнөктүгү ЖМКда үстөмдүк кылганын көрсөттү, ЖМКнын ишине тоскоолдук, журналисттерди камакка алуу жана басылмаларды жабуу менен кошо караганда бул шайлоочулардын башка көз карашка жеткилигин чектеп койду», — деп билдиришти ЕККУнун эл аралык байкоочулары.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Сүрөт: AFP.

Буга жооп кылып Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ЕККУнун өкүлдөрү «өз ордун билиши керек» экенин айтты. Анын пикиринде, Түркия эл аралык байкоочулар чыгарган «саясий негизделген баяндамаларга кулак салбайт».

Референдум

Түркиядагы референдум 16-апрелде болуп өттү. Акыркы бериндилерге караганда, Түркияда парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүүнү шайлоочулардын 51 пайызы колдоп, 49 пайызга жакыны каршы чыкты.

Кабыл алынган түзөтүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтти. Эми ал өкмөт башчысы болууга, министрлер менен аткаминерлерди дайындоого укук алды. Мындан тышкары, президент эми парламентти таркатууга жана мыйзам макамына ээ болгон жарлыктарды чыгарууга, парламенттин колдоосун албастан ыйгарым укуктарына кирүүгө акылуу.

Андан тышкары, реформа азыркы түрк президентинин бийликте болгон буга чейинки мөөнөтүн жокко чыгарат. Жаңыртылган Конституция 2019-жылы парламенттик шайлоодон кийин күчүнө кирет. Демек Эрдоган президенттин кызматында 2029-жылга чейин — башкача айтканда дагы беш жылдык эки мөөнөткө чейин кала алат.


ТЕМА БОЮНЧА: