АФК кубогу: «Алай» тажиктердин «Истиклолуна», «Дордой» түркмөндөрдүн «Алтын Асырына» утулду

Кыргызстандын учурдагы чемпиону болгон Оштун «Алай» клубу мейманда тажиктердин «Истиклолунан» утулуп калды. «Дордой» өз  стадионунда Түркмөнстандын «Алтын Асырына» алдырып жиберди.

Башкалаанын «Дордой» клубу менен Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асырдын» ортосундагы матч 2:0 эсебинде меймандардын пайдасына аяктады.

«Дордой» 0 — 2 «Алтын Асыр»

43’ Мурат Якшиев («Алтын Асыр»)

84’ Алтынмурат Аннадурдыев («Алтын Асыр»)

Биринчи таймдын башында демилгени меймандар өз колуна алды. Түркмөн клубунун футболчулары «Дордойдун» штрафтык аянтчасында бекем жайгашып алып, Валерий Кашубанын дарбазасына жигердүү чабуул коюшту.

Беттешүүнүн 18-мүнөтүндө дарбазаны коноктордун кезектеги чабуулунан коргоп жатып Таалайбек уулу Бактай кылдаттыгынан тая түштү. Ал штрафтык аянтчанын газонуна «Алтын Асырдын» чабуулчусун жыга коюп, ал үчүн беттешүүнүн арбитри дароо эле пенальти дайындады.

Чекитке Арсланмурат Аманов келди. Кашуба менен топ дарбазанын ар кайсы жагын көздөй учуп кетишти, бирок андан гол кирген жок, топ штангага тийип, талаанын кожоюндарын голдон сактап калды.

Беттешүүнүн биринчи бөлүгүнүн жарымына келгенде оюн талаанын ортосуна өттү, ал эми аягында демилгени «Дордой» өз колуна алды. Кожоюндардын чабуулу жакшы көрүнгөнү менен гол киргизе алышкан жок.

Анткен менен «Алтын Асырдын» футболчуларынын үмүтү акталды. Матчтын 43-мүнөтүндө Мурат Акшиев эсепти ачты. Түркмөн клубунун чабуулчусу топту Валерий Кашубанын дарбазасынын оң жагына тээп киргизди – 1:0.

Экинчи таймдын биринчи жарымы да негизинен талаанын ортосунда өттү. Командалар чабуулга жүгүргөн жок, бирок катуу кагылышуулар менен күрөш жетиштүү эле болду.

Беттешүүнүн аягында «Дордой» кантсе да ортодогу илешкек оюндан чыгып, чабуулга жөнөдү. Башкалаа клубунун футболчуларынын сан жетпес чабуулдары ийгилик алып келген жок.

Бирок «Алтын Асыр» матч аяктап баратканда экинчи гол киргизгенге жетишти. 84-мүнөттө Алтынмурат Аннадурдыев Валерий Кашубанын дарбазасынын оң жак бурчуна топ киргизди – 2:0.

Түркмөн клубу топтук баскычтын үчүнчү матчында үч упай алып, бул топтогу Кыргызстандын чемпиону саналган Оштун «Алайына» каршы оюнда ушундай эле матчты утуп алган тажиктердин «Истиклолу» менен кошо «D» тобунун башында калды.

«Алай»

«Истиклол» 3 — 1 «Алай»

45+1’ Нуриддин Давронов («Истиклол»)

59’ Алиа Силла («Алай»)

68’ Дэвид Мавутор («Истиклол»)

89’ Дилшод Васиев («Истиклол»)

Беттешүүнүн биринчи жарымы талаа кожоюндарынын үстөмдүгү менен өттү. Тажикстандын чемпиону «Алайдын» дарбазасына жигердүү чабуул коюп жатты, бирок Ош клубунун коргоочулары өз милдетин жакшы аткарышты.

Антсе да биринчи таймдын аягында «Истиклолдун» футболчулары матчта эсеп ачканга жетишти. «Алайдын» коргоочулары тандоодо оройлукка жол берип, өз дарбазасына пенальти алышты.

Чекитке тажик клубунун чабуулчусу Нуриддин Давронов келип топту дарбазанын оң жактагы ылдыйкы бурчуна тээп киргизип, 1:0 эсебинде талаа кожоюндары алдыга чыгышты.

Экинчи таймдын ортосунда «Алай» «Истиклолду» талаанын жарымына тартып алып, Ош клубунун кезектеги чабуулу гол менен аяктады. Алиа Силла матчтагы эсепти теңдеди – 1:1.

Бирок талаанын кожоюндары жеңишти колдон чыгаргысы келген жок. «Истиклолдун» футболчулары чабуулга өтүп, алардын кезектеги аракети ийгилик менен коштолду. Беттешүүнүн 68-мүнөтүндө Дэвид Мавутор Тажикстандын чемпиондорун алдыга чыгарды – 2:1.

«Алайдын» матчтагы эсепти теңдеп, жок дегенде тең чыгышка мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок финалдык ышкырыкка бир мүнөт калганда талаа кожоюндары бул матчка чекит коюшту. Гол Дилшод Васиевдин эсебинде.

Ош клубунун үстүнөн болгон жеңиш «Истиклолго» дагы үч упай алып келди, «Алай» болсо тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Кыргызстандын учурдагы чемпиону үч топтук баскычта бир да упай топтой алган жок.

Кийинки матчта плей-оффко мүмкүнчүлүгүн дагы эле сактап турган «Дордой» конокко барып «Алтын Асыр» менен беттешет, «Алай» болсо «Истиклолду» өз талаасында кабыл алат.

Аброю жагынан экинчи орунда турган турнирдин кийинки айлампасына топтук баскычтан бир гана команда чыга алат.

Төртүнчү айлампа үчүнчү майда болот.

Сүрөт: Ксения Толканева


ТЕМА БОЮНЧА: