Ишке келбей калганы үчүн айлыгын кыркуу демилгеси депутаттарга жаккан жок

Парламентте олуттуу себепсиз жумушка келбеген депутаттардын айлыгын кыркуу тууралуу сунуш түштү. Депутаттар бул сунуш алардын укуктарын чектей турганын айтып аны сынга алышты.

Депутаттар «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга киргизүүгө сунуш кылынган, парламент өкүлдөрү отурумдарга олуттуу себеби жок келбесе алардын айлыгын кырка турган түзөтүүлөргө каршы чыгышты.

Мыйзам долбоору 19-апрелде парламент отурумунда талкууланды. Депутаттар мыйзам долбооруна биротоло добуш бере албай, аны ийине жеткире иштеп келүүгө жиберишти.

КСДПнын депутаты Кожобек Рыспаев түзөтүүлөр депутаттардын «укуктарын чектей турганын», мыйзам долбоорунун өзү «популисттик» экенин айтып чыкты.

«Мурда биз бир документ менен кызматтык автоунаалардан баш тартып, бирок айдоочулардын айлыгын алып калдык, жардамчыларды кетирип, бирок катчылыктардын штатын көбөйттүк. Биздин ишибизге биз эмес, эл баа бериши керек», — деди ал.

Аны фракциялашы Евгения Строкова колдоду. Анын пикиринде, депутаттын жумуш ордунда жоктугу аын иштебей жатканын билдирбейт.

«Мына, мисалы мен парламенттин отурумуна келбей калдым, бирок мени маанилүү иш-чарага чакырышты же мага шайлоочулар келди дейли. Депутаттын отурумдарда жоктугу ал иштебейт дегенди билдирбейт», — деди ал.

Депутат кызмат сапарына барышы керек болсо фракция башчысынан уруксат сурашы зарыл деген түзөтүү да парламенттегилерге жаккан жок.

«Ата Мекендин» депутаты Садык Шер-Нияз кызматташтарын бул мыйзам долбоорун колдобогонго чакырды.

«Фракция башчыларына ыйгарым укуктары жетпейби? Же айрым фракция башчылары фракцияларын тартипке келтире албай, ошонун айынан бүтүндөй мыйзам кабыл алууну сунуш кылып жатышабы? Эгерде башчысы фракциясын тартипке келтире албаса, ордун бошотсун. Биз бир жакка барышыбыз керек болгон сайын эле фракция башчыларына жүгүнүшүбүз керек болуп калат», — деди ал.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутату Кенжебек Бокоев тескерисинче түзөтүүлөр зарыл деп эсептейт.

«ЖМК күн сайын отурумдарда эл шайлаган 120 депутаттын ордуна 30дан ашпаган киши отурганын жазып, көрсөтүп келатат. Эл: “Калган депутаттар кайда? Кантип эле баары кызмат сапарына кетсин?” деп сурайт. Ошондуктан ушундай түзөтүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы бышып жетилди, мен аларды колдоого үндөйм», — деди ал.

Мыйзам долбоорун депутаттар Галина Скрипкина, Өмүрбек Бабанов, Дастан Бекешев, Гүлшат Асылбаева, Алмазбек Баатырбеков, Төрөбай Зулпукаров, Улан Примов, Иса Өмүркулов, Курманкул Зулушев, Османбек Артыкбаев, Рада Туманбаева сунуш кылышкан.

Сүрөт: «Акипресс»