Майыптардын добуш бериши жеңилдейт. БШК атайын жабдуу сатып алат

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата майыптардын жеңилирээк добуш бериши үчүн аларга атайын жабдуу сатып алганы жатат.

Боршайком шайлоо участокторунда Брайль тамгасы бар трафареттерди (көзү көрбөгөндөр үчүн алиппе), майыптар коляскасы үчүн пандустар менен рельстерди орнотууну пландоодо.

Президенттик шайлоо үчүн көзү көрбөгөндөргө атайын бюллетендер басылып, ал эми окутулган ыктыярчылар дүлөйлөргө жана дудуктарга добуш берүүдө көмөк көрсөтүшөт.

Азыр БШК 2017-жылдын 28-майында жергиликтүү кеңештер шайлана турган участоктордо пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүдө.

Боршайком 2017-жылдын ноябрында өтө турган президенттик шайлоого карата атайын жабдуу өлкөнүн бардык шайлоо участокторунда болот деп убада берип жатат.

Атайын жабдуу демөөрчүлөрдүн жана кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен сатып алынат. Бул ишке мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар кошулду.

Боршайкомдун кызматкерлери ар бир шайлоо участогу үчүн майыптардын муктаждыктарынын картасын түзүп чыгышат.


ТЕМА БОЮНЧА: