Тергөөчүлөр Акаевдин мурунку администрация башчысына каршы козголгон ишти жоготуп жиберишти

Прокуратура Аскар Акаевдин мурдагы администрация башчысы Тойчубек Касымовго каршы козголгон иштин материалдары жоголуп кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду. Ага 2007-жылы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн» издөө салынган.

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы иштин жоголушу боюнча 19-апрелде иш козгоп, бул окуя коомчулукка маалым болду.

Иштин жок экени прокуратура быйыл март айында Биринчи май ИИБинде Касымовго каршы козголгон ишти суратып, бирок ал милициянын архивинен табылбай койгондо билинди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы милиция ал ишти жоготуп жибергенин көрсөттү. Азыр прокуратура окуянын күнөөкөрлөрүн издеп, чара көрүүгө убада берип жатат.

Иштин чоо-жайын Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Бишкек боюнча башкармалыгы иликтөөдө.

Бийликтен кулатылган президент Аскар Акаевдин мурдагы администрация башчысы Тойчубек Касымовго каршы 2007-жылдын 15-мартында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Касымов 2004-жылы Акаевдин администрация башчысы болуп турганда өзүнө тууганчылык жайы бар аялга Бишкектин борборунда мыйзамсыз жер алып берген деп айыпталууда.

Панфилов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,6 гектар жер президенттин алдындагы атайын ооруканага тиешелүү болгон.

Бул иш Акаев 2005-жылдын мартында бийликтен кулатылгандан кийин иликтене баштаган. Азыр Касымов дагы эле издөөдө жүрөт.