Бийлик учак кулаганда курман болгондордун туугандарына кун төлөш үчүн документ толтуруп жатат

Мамлекеттик юристтер Дача-СУ кыштагына учактын кулашынан курман болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына «ACT Airlines» авиакомпаниясынан кун алыш үчүн документ толтурууга жардам берип жатышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен мамлекеттик нотариус иш алып барып, кун жана материалдык жардам алыш үчүн бардык жагдайларды тактап жатканын билдирди.

«ACT Airlines» түрк авиакомпаниясы Кыргызстандын бийлигине 42 миллион сом которгон.

Өкмөттүн маалыматы боюнча жакын арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн акчаны бөлүштүрүү башталат.

«ӨКМдин эсебиндеги акча каражаттарын бөлүштүрүү курман болгондорун айрым туугандарынын ортосундагы акчаны бөлүштүрүү принциби боюнча пикир келишпестиктерди эске алуу менен кармалып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин атайын эсебине 100 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн.

Учак кулагандан улам курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрү үч айдан бери убада берилген кунду ала албай келатышат.

Дача-СУ кыштагынын жабыркаган тургундары эки жолу митингге чыгып, аны бийлик алардын кыйынчылыктарына көңүл бурбай жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Митингге чыккандар курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү кун төлөнүшүн талап кылышкан. Алар бийлик аларды коопсуз жайга көчүрүп кетишин да каалашкан.

Жүк ташуучу «Боинг-747» 2017-жылдын 16-январында «Манас» аба майданынын жанындагы кыштакка кулап түшкөн. Авиакырсыктын айынан 39 киши, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү курман болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: