Икрамжан Илмиянов кайрадан Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев Икрамжан Илмияновду коомдук башталышта өз кеңешчиси кылып дайындады. Президенттин расмий кеңешчилери болуп мурдагыдай эле Фарид Ниязов, Мира Карыбаева жана Калыкбек Султанов калууда.

Илмиянов 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын октябрына чейин мурда да кеңешчилик кызматты ээлеп турган. Анын кызматтан кетишине «башка ишке өткөнү» себеп болгон.

2017-жылдын мартында Илмиянов КСДП фракциясындагы депутаттык орунга талапкер болгон. Тизмеде ал Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кеткендиктен мандатын тапшырган Узарбек Жылкыбаевден кийин турган болчу.

Анда Илмиянов депутаттык кызматтан баш тартып, анын ордун журналист Аида Касымалиева ээлеген. Депутаттыктан баш тартышынын себебин ал ошол кезде айткан эмес, бирок кийин Көк-бөрү федерациясын жетектеп калган.

Икрамжан Илмиянов өз эмгек жолун президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган. 2009-жылга чейин Илмиянов Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп иштеген.

2010-жылдын апрель революциясынан кийин ал ошол кезде Убактылуу өкмөттүн премьер-министри болуп турган Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп кызмат өтөгөн.

2011-жылы эле Илмиянов президент Атамбаевдин аппарат башчысынын орун басары болуп дайындалат.

Бул кызматта ал 2015-жылга чейин иштеп, «Вечерний Бишкек» басылмасын рейдерлик тартып алуу боюнча дооматтардын шартында кызматын тапшырып кетет.

Илмиянов өзү эң ири медиа-холдингдеги менчик ээлеринин алмашуусуна тиешеси бар экенин танып келген — ал «караманча каралоого чыдашы кыйын болуп калганын» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: