Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам президенттин колдоосун күтүп жатат. Эмне себептен ал Кыргызстан үчүн маанилүү?

БУУнун статистикасы боюнча Кыргызстандагы качандыр бир никеде болгон ар бир төртүнчү аял дене боюна каршы зомбулуктун курмандыгы болгон. Сүрөт: «Ачык байланыш» фондунун социалдык жарнамасы.

Кыргызстандын парламенти үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алганына үч жума болду. Азыр документ президенттин кол коюшун күтүп жатат. Демилге колдоо тапса бийлик үйдөгү зомбулуктун курмандыктарын кантип коргойт?

Кыргызстандын парламенти үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алганына үч жума болду. Азыр документ президенттин кол коюшун күтүп жатат. Демилге колдоо тапса бийлик үйдөгү зомбулуктун курмандыктарын кантип коргойт?

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте быйыл 30-мартта эле кабыл алынган. Андан бери документ күчүнө кириши үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун күтүп жатат.

Аялдардын жана балдардын укугун коргоо багытындагы уюмдар мыйзам долбоорун колдоону талап кылып петиция уюштурушкан.

«Мамлекет андан жардам жана колдоо күтүп жаткан, кемсинген, таяк жеген балдарды, майыптарды, аялдарды жана кары адамдарды коргоо жана сактоо жолуна түшөөр-түшпөсү Сиздин (президенттин) чечимиңизден көз каранды», — деп жазышкан петициянын авторлору.

Документтин өзү үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндөгү азыркы жоболорду толугу менен кайра жазып чыгууну, мисалы мамлекеттик органдарды кылмыштарга жандуураак чара көрүп, жабыркагандарды коргоого милдеттендирүүнү сунуш кылат.

Эгерде бул мыйзам кабыл алынса кыргызстандыктар үчүн эмне өзгөрөт?

Айгактардын арыздары

Милицияны үй-бүлөдөгү болжолдуу зомбулук тууралуу ар бир кайрылууга чара көрүүгө милдеттендирген ченем олуттуу жаңылык болот. Мында кайсы гана жаран болбосун кайрылуунун автору боло алат.

Азыр мыйзамга кол коюла электе милиция жабыркаган адамдын өзүнөн арыз түшсө гана териштирүүнү баштайт. Анын айынан милиция токмоктоо видеого тартылып калса да аргасы калбаган учурлар болууда.

Жаш келин балдардын көзүнчө токмок жеп жатканы тартылган видео. Анда милиция чара көрө албай тургандыгын, анткени бул «үй-бүлөлүк тополоң» экенин айткан.

«Жабыркаган адамга ансыз деле туугандары, коом кысым көрсөтөт. Милиция кызматкерлери көбүнчө эркектер экенин эске алганда, зомбулуктан жабыркагандар арыз жазышпайт, жазса да кийинки күнү кайра алышат», — дейт гендердик маселелер боюнча эксперт Зулфия Көчөрбаева.

Жабыркагандарды милдеттүү коргоо

Эгерде милиция кызматкерлери үй-бүлөдө чын эле зомбулук болуп жатканына көзү жетсе алар жабыркаган кишиге коргонуч ордерин бериши керек.

Бул ордер зомбулук кылган кишиге жана анын туугандарына карата чектөөлөрдү киргизет — мисалы, жабыркаган кишинин денесине тийгенге же аны менен сүйлөшкөнгө тыюу салат. Ордер 3 күн күчүндө турат, бирок аны 30 күнгө чейин узартып алса болот.

Мыйзамды иштеп чыгууга катышкан гендердик теңчилик боюча адис Зулфия Көчөрбаева. Сүрөт: «Вечерний Бишкек».

Азыркы мыйзамда андай ордерден экөө бар — алар убактылуу жана соттук деп бөлүнөт. Биринчиси жабыркаган тараптын каалоосу менен гана 15 күнгө чейинки мөөнөткө берилет. Экинчиси зомбулук кылган кишиге алда канча катаал чектөө киргизип, соттун гана чечими менен 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө берилет.

«Мыйзам пайда болгон 14 жылдан бери ондогон учурларда гана жабыркаган тараптар соттук коргонуч ордерин ала алышкан», — деп кейийт Көчөрбаева.

Жабыркагандардын баары эле андай ордерлердин бар экенин биле бербейт, андыктан алар милицияга же сотко аны сурап кайрылбайт. Мыйзам кабыл алынса милиция милдеттүү түрдө ордер бере баштайт.

«Биз ордер берүү жабыркаган кишинин эркин көз каранды болбосун деп жатабыз. Күйөөсүнүн туугандары ага кысым көрсөтпөсүн. Бул тажрыйба болуп калат, анткени бул мыйзам да, ага болсо коргоо кепилдиги берилет», — деп түшүндүрдү эксперт.

Ордердин шарттары бузулган учурда зомбулук кылган киши административдик жоопкерчиликке тартылып, бузумдун өзү сотто оорлоштуруучу жагдай катары каралат.

Зордукчуларды «түзөтүү»

Мыйзам кабыл алынгандан кийин психологдор жабыркаган адамдар менен гана эмес, зомбулук көрсөткөндөр менен да иштешет. Азыркы мыйзамда андай талап жок.

Жабыркаган киши коргонуч ордерин алаары менен милиция кызматкери зомбулук көрсөткөн кишиге ал «мыйзамсыз жүрүш-турушун түздөө» боюнча курстан өтсө болоорун кабарлайт.

Эгерде жабыркаган адам коргонуч ордерин 30 күнгө чейин узарткысы келсе, зомбулук көрсөткөн киши «түзөтүү программасын» өтүүгө милдеттүү болуп калат. Психологдор менен андай маектер кеминде сегиз саат болот.

Үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо

Ордер жабыркаган адамдын өзүн гана эмес, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн да зомбулук менен опузадан коргойт. Жаңы мыйзамда бул талап жабыркаган адам менен кошо жашап жаткан алыскы туугандарына да тиешелүү болот.

«Милиция кызматкерлери жөн эле барып, жабыркагандар болсо өз сөзүнөн баш тартып арызын кайра алганынан тажап кетишкенин айтышты. Демек алардын ресурстары азыр текке кеткен болуп жатат», — дейт Көчөрбаева.

Коргонуч ордери жабыркаган адамдарга алардын эркине карабастан берилет.

Анын айтымында, эми жабыркаган киши арыз берип жатып коркконго негиз жок калат. Анын ордуна зомбулук фактысы тууралуу билген башка киши кабарласа болот.

Мында мыйзам долбоору жарандык никеге, көп аялдуу үй-бүлөлөргө жана чогуу жашаганга аргасыз болгон мурдагы жубайларга да тиешеси болот.

Балдарды коргош үчүн алардын макулдугу

Эгерде мектеп же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бала зомбулукка кабылып жатканын аныктаса, алар бул тууралуу милицияга кабарлоого милдеттүү болушат. Бул зомбулуктун белгилерин көргөн дарыгерлерге да тиешелүү.

Азыр териштирүү ата-энелердин макулдугу менен гана башталат, алар болсо өздөрү зомбулук кылышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынаары менен коргоо жол-жоболорун башташ үчүн баланын эле макулдугу жетиштүү болот.

Мыйзамда зомбулуктун түшүнүгү кандай?

Мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зомбулук үч түрдө — адамдын дене боюна каршы, психологиялык жана экономикалык болушу мүмкүн.

Адамдын дене боюна каршы зомбулук эми жабыркаган адамга каршы түз гана эмес, кыйыр да зыянды билдирет. Мурдагыдай эле, бул түшүнүккө тамак-аштан, кийимден, нары-бери жүрүү эркиндигинен ажыратуу жана оор кара жумушка мажбурлоо кирет.

Эгерде үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири башкасына каршы зомбулук кылбай эле, коркутуп же кемсинтсе бул психологиялык зомбулукка кирет. Кылмыш кылууга же жабыркаган тараптын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү аракеттерге көкүтүү да ушул пунктка кирет.

Талкуу убагында мыйзам долбоорунан жыныстык зомбулук тууралуу түшүнүктү алып салышты. Бирок мурдагыдай эле ал кылмыш болуп саналат.

Мыйзам долбооруна эл аралык укукта жазылган дагы бир зомбулуктун түрү — экономикалык зомбулук кошулду. Зомбулуктун мындай түрү жабыркаган адам зомбулук кылган кишинин акчасынан көз каранды же анын «багуусунда турганын», же жабыркаган кишиге ишке орношууга тыюу салынып, ал үйдө отурууга мажбурланып жатканын билдирет.

Балдарын тилемчиликке же окууну калтырганга мажбур кылган ата-энелер ушул категорияга туура келиши мүмкүн.

Эгерде жубайлардын бири балдарын багуудан баш тартса же өзү гана кирешени тескеп, башка үй-бүлө мүчөлөрүн ага маалымат берип турууга мажбур кылса, бул да зомбулуктун ушул түрүнө кириши мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зомбулук кишинин дене боюна каршы, психикалык жана экономикалык болуп үчкө бөлүнөт.

Кыргызстандагы зомбулуктун масштабы

Кыргызстанда качандын бир никеде болгон ар бир төртүнчү аял жеке керт башына тийген зомбулуктун курмандыгы болгон. Дагы 18 пайызы жыныстык жана сезим жагынан зомбулукка туш болушкан.

Зомбулукка кабылган аялдардын жарымынан көбү денесине зыян тийгенин айтышкан. Аялдардын 5тен 2си гана андан кийин жардам сурап кайрылган.

98 пайыз учурларда зомбулукту күйөөсү же мурдагы күйөөсү кылат.

«Сезим» кризистик борборунун 2015-жылдагы статистикасы боюнча, уюмга жыл сайын эки миңге жакын аял кайрылып, алардын 65 пайыз үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот.

Сурамжыланган 2000 баланын 70 пайызы таш боор мамилеге же үй-бүлөдөгү алардын муктаждыгын көз жаздымда калтырууга кабылганын айткан. Алардын ичинен жарымынан көбү өз дарегине кемсинтүүчү сөздөрдү угушкан. 38 пайызы психологиялык, дагы ошончосу дене боюна каршы зомбулукка кабылышкан.

Мындай мыйзам долбоору канча турат?

Мыйзам долбооруна жыл сайын 26 миллион сом коройт:
•13 миллион сом жабыркагандар үчүн башпаанекти кармап турганга;
•дээрлик 11,5 миллион сом кризистик борборлорго;
•1 миллион сомдон ашыгы түз байланыштарды уюштурганга жана түзөтүү программаларын түзгөнгө.