Каржы полициясы журналист Александр Кимге каршы козголгон ишти сотко өткөрөт

Каржы полициясы журналист Александр Кимге карата кылмыш ишин иликтеп бүтүп, эми аны сотко өткөрүп бергени жатат. Журналист ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган жана ишенип берилген мүлктү ээлеп алган деп айыпталууда. Ким анын күнөөсү жок экенин далилдеген документтерди иликтөөгө киргизбей коюшканын айтты.

Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрү «Вечерний Бишкектин» мурдагы кожоюну Александр Кимге коюлган айыптоону ырасташты.

Ким өзү иликтөө бир жактуу болгон деп эсептейт.

«Биз ишке тиркеген 42 документтин бирөө да көңүлгө алынган жок. Өтүнүч кат берсек андан баш тартышты. Тергөө тобуна каршы кылмыш ишин козгоо жөнүндө прокуратурага документтерди даярдап жатабыз», — деп жазды Ким «Фэйсбуктагы» өз барагында.

Тергөөнүн башында Александр Ким коммерциялык уюмдун кызматчысынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган жана 2015-жылы «Вечерний Бишкек» басылмасынан мыйзамсыз дивиденд алган деп айыпталган болчу.

«Алар мага кошумча берене менен айып койгону — бул алжыгандык. Ал ээлеп алуу жана коромжу кылуу боюнча берене. Мага ал кезде мыйзам боюнча тиешелүү болгон дивиденддерди мен кантип коромжу кылмак элем?» – деди Ким.

Kloop.kg менен болгон маекте Александр Ким адвокаты экөө тергөө документтеринин көчүрмөлөрүн изилдеш үчүн суратканы жатышканын айтты. Анын сөзү боюнча, ал иликтөөнүн жыйынтыгы менен таанышканы тууралуу протоколго 24-апрелде кол коюшу керек. Ошондон кийин иш сотко өтөт.

Каржы полициясы азырынча журналисттерге комментарий бере элек.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Александр Кимди Каржы полициясынын тергөөчүлөрү бир нече жолу суракка алышкан.

Каржы полициясынын кызматкерлери Кимдин үйүнө 17-мартта барып, ал эч жакка кетпестиги тууралуу тил катка кол коюп берген жана издөөдө жүрөт деген имиштин негизинде кармап кеткенге аракет кылышкан.

Милиция кызматкерлери аны кармап кете алышкан эмес, анткени анын үйүнө юристтер, журналисттер, укук коргоочу Динара Ошурахунова, «Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко жана мурдагы депутат Асия Сасыкбаева жетип барышкан.

Натыйжада Каржы полициясы Кимди суракка чакырган.

«Вечерний Бишкектин» тегерегиндеги иш

Александр Ким «Вечерний Бишкек» басылмасына 2015-жылдын сентябрына чейин ээлик кылган. Соттук териштирүү акцияларынын өзүнө тиешелүү бөлүгүн кайтарып алгысы келген басылманын тең кожоюну Александр Рябушкиндин арызынан кийин 2014-жылдын күзүндө башталган.

Мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев 2000-жылы компаниялардын үлүшүн сатып алгандан кийин Рябушкин «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикондогу» акцияларынын жарымынан кол жууп калган.  

Рябушкин ал бычым кысым астында болгонун билдирип, ага «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жылдын өтөөсү катары 15 миллион доллар кайтарып берүүнү талап кылган.

Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон акциялардын 50 пайызын ээлеп калган. Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашкан.

Ким соттун мындай чечимдеринин артында бийлик тураарын айтып келген.


ТЕМА БОЮНЧА: