Парламент сыналгы ЖМКларындагы чет элдик үлүштү чектөөнү биротоло колдоду

Депутаттар «ЖМК жөнүндө» мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда колдошту, ага ылайык чет элдиктер эми кыргыз телекомпанияларынын акцияларынын 35 пайызынан ашыгына ээлик кыла албайт.

Мыйзам долбоорун жыйынга катышкан 105 депутаттын 104ү колдоду.

Демилгечилердин айтымында, өзгөртүүлөр үналгыга жана гезиттерге тиешеси болбойт.

Мыйзам долбоору ошондой эле сыналгы каражаттарына аты айтылбаган булактардан акча же башка мүлк алууга тыюу салат.

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин чет элдик үлүшү 35 пайыздан ашкан сыналгы ЖМКлары бир жыл ичинде кайрадан катталып, тышкы үлүшүн азайтууга тийиш болот. Антпесе алар соттун чечими менен жабылат.

«Мамлекеттин эгемендиги менен коопсуздугун, жарандардын укуктары менен эркиндигин, калктын адеп-ахлагын камсыз кылуу максатында мындай чектөөлөр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө киргизилген мисалдар бар», — деп айтылат негиздемеде.

Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев менен Искендер Матраимов жана «Республика — Ата-Журттун» депутаттары Таабылды Тиллаев менен Жыргалбек Турускулов сунуш кылышкан.

Мыйзам иштей башташы үчүн эми ага президент Алмазбек Атамбаев кол коюшу керек.


ТЕМА БОЮНЧА: