Президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаштар: Эмне нааразылык жаратып жатат?

Президенттик шайлоо 19-ноябрга пландалган, бирок добуш берүү алда канча эртерээк мөөнөткө жылышы мүмкүн.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрына пландалган. Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясы бул күнгө макул болбой, добуш берүүнү андан мурда өткөрүүнү сунуш кылууда. Боршайком парламентке бул маселени эртерээк чечүүгө кеңеш берди.

Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары президенттик шайлоону быйылкы жылдын 27-августунда өткөрүш керек экенин айтышты.

Алар муну эгерде добуш берүү ноябрда өтсө, анда Алмазбек Атамбаев ыйгарым укуктары расмий бүткөндөн кийин бир айдан ашуун президенттин кызматында кала бериши мүмкүн экендиги менен түшүндүрүп жатышат.

Атамбаев президенттин кызматына расмий түрдө 2011-жылдын 1-декабрында киришкен жана Конституцияга ылайык туура алты жылдан кийин кызматын тапшырышы керек. Бирок эгерде шайлоо ноябрдын аягында болсо ал буга жетишпейт.

Расмий түрдө шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрына дайындалган — «Ата Мекендин» эсеби шайлоодон кийинки бардык бекитүүчү жол-жоболор эң көп дегенде 53 күнгө созула турганын көрсөтүп турат.

«2-декабрдын биринчи секундасынан тартып эле Алмазбек Атамбаев өз кызматында Конституцияны бузуу менен турган болот», — деп эсептешет, жетекчиси Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча айыпталып тергөө изоляторунда отурган «ата мекенчилер».

Эгерде Атамбаев кызматын 1-декабрда тапшырса, анда «атамекенчилердин» пикиринде ант берүү аземине чейин 41 күн бою Кыргызстан президенти жок калат. Фракция шайлоодон кийинки бардык жол-жоболорду 1-декабрга чейин аткаруу «иш жүзүндө жана юридикалыкы жактан» мүмкүн эмес деген ойдо.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүүгө каршы эмес экенин билдирди. Анын айтымында, президент Конституцияга жаңы датаны — мисалы, октябрдын үчүнчү жекшембисин койсо болоорун далай жолу айткан.

«Бизге белгилүү болгондой, КДСП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Жогорку Кеңешке ошондой түзөтүү жана шайлоону «октябрдын үчүнчү жекшембисине», башкача айтканда учурдагы мыйзамда көрсөтүлгөндөн бир ай мурда дайындоо жөнүндө расмий сунуш киргизген. Көптөгөн саясатчылар менен эксперттердин пикиринде бул дата эң ылайыктуу болуп көрүнүп турат», — деди Ниязов.

Ошону менен катар ал шайлоо ноябрдын үчүнчү жекшембисинде өтүшү керек деген демилге депутаттар тарабынан, анын ичинде «Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаев тарабынан көтөрүлгөнүн эске салды.

«Ата Мекен» 53 күндү кантип эсептеген:

• добуштарды саноо: 20 күнгө чейин;
• жыйынтыктарды жарыялаш үчүн убакыт: 3 күнгө чейин;
• антка даярдануу: 30 күнгө чейин.

Фарид Ниязов: октябрдын үчүнчү жекшембиси — саясатчылар менен эксперттердин пикиринде «эң ылайыктуу».

Парламенттеги талаштар

Шайлоо күнүн жылдыруу маселесин парламент депутаттары гана чече алышат. Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү менен БШК мүчөлөрү бул маселени талкуулап коюшту.

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева маселе чечилиши керек экенин, антпесе БШК «бийликти узурпациялоого жардам берди» деген доого кала турганын айтты.

«Биз чогулуп, маалымкатты кунт коюп изилдеп, позиция иштеп чыгышыбыз зарыл. Мен бийликти узурпациялоого жардам бердиң деген дооматка калууну каалабайм», —деди ал.

БШКнын башка мүчөсү Кайрат Осмоналиев депутаттар шайлоонун датасын «ноябрдын үчүнчү жекшембисине» коёордон мурун 2011-жылы ойлонушу керек болчу деп эсептейт.

«Биздин абалга келсек, парламент өкүлдөрү бул Конституцияга болушунча туура келгидей кылып ойлонушу керек болчу. Андай болгон жок», — деди Осмоналиев.

Ал акыркы чечимди парламенттегилер өздөрү кабыл алышаарын кошумчалады.

Мамлекеттик органдар шайлоо күнү тууралуу талашканча, добуш берүүнү кийинкиге жылдыруу тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда турат, маселенин өзү дагы бир жолу комитеттердин жыйынында каралмакчы.

Эгерде парламент мыйзам долбоорун колдосо шайлоо октябрдын үчүнчү жекшембисине дайындалышы мүмкүн.

Шайлоо-2017

2017-жылдагы президенттик шайлоо — Кыргызстан үчүн тарыхый окуя, добуш берүүнүн жыйынтыгында өлкөдө биринчи жолу бийлик бир президенттен эл шайлаган башка президентке өтөт.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир да шайланган президент мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматтан кеткен эмес. Биринчи президент Аскар Акаев 2005-жылдын мартында кулатылган, кийин анын ордуна келген Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель революциясынан соң өлкөдөн качып чыккан.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанды жетектеген Роза Отунбаева жалпы эл тарабынан шайланган эмес. 2011-жылдагы президенттик шайлоого чейин ал өткөөл мезгилдеги мамлекет башчысы болгон.

Бакиев да (солдо), Акаев да (оңдо) элдик көтөрүлүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган.

2017-жылдагы шайлоого катышаарын азырынча беш талапкер — депутаттар Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс»), Өмүрбек Бабанов («Республика — Ата-Журт») жана Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана саясатчы Адахан Мадумаров айтышкан.

Азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бул шайлоого катыша албайт, анткени Кыргызстанда президент алты жылдык бир эле мөөнөткө шайланат.

Атамбаев өзү саясатта кала берээрин, бирок мураскер жарыялабай тургандыгын жана парламент спикери да, премьер-министр да болбой тургандыгын билдирген.

Created with

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ