Атамбаевдин 2005-2006-жылдардагы декларациясы «жок кылынган»

Мамлекеттик кадр кызматы Kloop.kgге президент Алмазбек Атамбаевдин өнөр жай министри болуп турган 2005-2006-жылдардагы кирешеси тууралуу декларациясы «жок кылынганын» билдирди.

Kloop.kgнин юристтерине жөнөткөн расмий катында Мамлекеттик кадр кызматы (Мамкызмат) Атамбаевдин 2005-2006-жылдардагы декларациясы учурдагы мыйзамдарга ылайык «жок кылынганын» жазат.

Кызмат мүлктү декларациялоо тууралуу жобонун 25- жана 27-пункттарына таянууда, аларга ылайык аткаминерлердин декларациялары 6 жыл сакталат.

«Көрсөтүлгөн мөөнөт (6 жыл) бүткөндөн кийин декларациялар жок кылынышы керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде сөз болуп жаткан мөөнөттөгү (2005-2006) декларациялар жок кылынган», — деп жазат Мамкызмат.

Атамбаевдин 2005-2006-жылдардагы кирешеси тууралуу декларациясы анын ошол кезде кандай мүлкү жана байлыгы болгонун, кандай компанияларга элик кылганын аныктоого жол бермек. Президент бийликке келгенге чейин эле, Түркияда ишкерлик кылган 2000-жылдардан тартып бай болгонун улам-улам айтууда.

Президенттин бардарлыгынын далили катары анын администрациясы 5-апрелде ал бийликке келе элек 2003-жылы эле Түркиядагы «Elektromed Elektronik» ишканасындагы акцияларынын 90 пайызын 35 миллион долларга сатып жибергенин билдирген.

Андан кийин Kloop.kgнин журналисттери Атамбаевдин Түркиядагы «Foreks Makina» компаниясынын акцияларын сатуу боюнча дагы бир бычымын таап чыгышкан, ал расмий түрдө аялы экөөнө дээрлик 100 миң доллар пайда алып келген.

Президенттин администрациясы 2006-жылдагы бычым тууралуу маалыматты да Атамбаев президент болуп шайланганга чейин эле бардар киши болгонуна далил катары колдонду.

Өз кезегинде Атамбаевдин басма сөз катчысы оппозиция өкүлдөрү 2010-жылдагы революциядан кийин гана байып кетишкенин айтып, аларды кирешеси тууралуу маалыматын ачыкка чыгарууга үндөгөн.

Кандай болгон күндө да президенттин бул эки бычымы тең анын түрк ишкери Ахмет Кая менен мурунтан жакын байланышы болгонун көрсөттү, ал 2011-жылы Атамбаевдин кеңешчисинин кызматын бир жылдан азыраак ээлеп турган.


ТЕМА БОЮНЧА: