УКМК Текебаевдин камак мөөнөтүн узартууну өтүндү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соттон «Ата Мекен» оппозициячыл фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин камак мөөнөтүн узартууну өтүндү. Текебаевдин адвокаты сот бул өтүнүч катты 21-апрелде карай турганын айтты.

Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова УКМК Биринчи май райондук сотуна Текебаевдин камак мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат бергенин айтты. Бирок УКМК оппозициячынын камак мөөнөтүн канчага узарткысы келгении белгисиз.

Текебаевдин камак мөөнөтү 25-апрелде аяктайт.

Оппозициячы жана «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган. Ага чейин бир күн мурун оппозициячыга каршы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн Текебаевге бир миллион доллар бергенин билдирген.

Саясатчынын тарапкерлери Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече күн бою митингге чыгышкан. Оппозиция Текебаевдин камалышын «саясий куугунутк» деп эсептейт.

Оппозициянын нааразылыгына карабастан, Биринчи май райондук соту 27-февралда Текебаевди 2 айга камакка алган.

Саясатчынын адвокаттары Текебаевдин камакка алынышына каршы 29-мартта шаардык жана Жогорку сотторго даттанууга аракет кылышкан. Бирок чечим мурдагы бойдон калды.

Анда Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Текебаевдин адвокаты камакка алууга каршы даттанууда кечигип калганын, андыктан сот коллегиясы иш боюнча өндүрүштү токтотуп койгонун билдирген.

Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: