Баптист аялдын кызы энесинин сөөгү кайда көмүлгөнүн билбейт

Апасынын каза тапканына жарым жыл өткөн болсо да Жылдыз Азаева анын сөөгү кайда жерге берилгенин билбейт. Азаева энесинин сөөгүн таап, тийиштүү түрдө жерге бергиси келет. Учурда ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун бийлигинен ага жер бөлүп беришин өтүнүн жатат.

Жарым жыл ичинде Жылдыз Азаева апасынын сөөгүн казып алып кайра жерге бергендердин мыйзам алдында жооп бериши үчүн күрөшкөн. Натыйжада үч кишиге шарттуу түрдө өкүм чыгарылган.

Бирок Азаеванын айтымында, ал ушул күнгө чейин апасынын сөөгү акыркы жолу кайда жерге берилгенин билбейт. Азыр ал жергиликтүү бийликке кайрылып, апасы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн коюуга жер бөлүп беришин өтүнгөн.

«Алар беребиз дешти. Эми качан берет экен деп күтүп атам. Андан кийин апамдын бейитин издей баштайм», — деди Азаева.

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев Азаеванын билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алды.

«Ал кайда экенин өтө жакшы билет, ал жөн эле ошентип айтып атат, ал милиция менен ошол жерге бир нече жолу барган. Ага көрсөтүшкөн», — деди ал.

Акпаралиевдин айтымында, жер бөлүнүп берилбейт, анткени Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү жерге берилген.

Дини үчүн кайра көмүү

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын кайра көмүлүшү боюнча жаңжал 2016-жылдын октябрында башталган. Ага Сары-Талаа айылындагы мусулман көрүстөнүнө анын денесин жергиликтүү тургундар көмдүрбөй койгону себеп болгон.

Жергиликтүү тургундардын кыжыры келишине Сатыбалдиеванын дини түрткү болгон — ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманган.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат сурап акимиат менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып бир нече күн жүргөн.

Жергиликтүү тургундар энесине боору ачып, уруксат бериши үчүн Азаева бир тууганы экөө жергиликтүү имамдардын талабы менен айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан. Ошого карабастан, алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюшкан.

Маркумдун сөөгү үчүн бир жыл мурун башка баптист көмүлгөн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн жер бөлүп беришкен.

Бирок ал айылдын тургундары да Сатыбалдиеванын сөөгүн көмүүгө тыюу салып, ал коңшулаш Сары-Булак айылында христиан көрүстөнүндө жерге берилген. Бирок ошол эле күнү анын сөөгү христиандардын талабы менен үчүнчү жолу элге айтылбай башка жакта көмүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: