Ысык-Көл: Көмүр шахтасы урап, эки киши урандылардын астында калды

Жыргалаң шахтасында көмүр кени урап түштү. Урандылардын астында эки шахтёр Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматов калган. ӨКМ менен жергиликтүү тургундар аларды куткарып чыгуу менен алек болуп жатат.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жыргалаң-Доргокөмүр шахтасы 22-апрель күнү саат 17:30дарда урап түшкөн. Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматов шахтага түшкөн бойдон чыгышкан эмес.

Шахтачыларды издөөгө 21 куткаруучу тартылган, издөө иштери эртең мененки бешке чейин уланган.

«Куткаруучулар шахтада суу табышкан, аны сордуруп алыш керек. Учурда бардык керектүү иштер жүргүзүлүп жатат», — деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

Шахтёрлорду издөө үчүн ыкчам штаб түзүлүп, аны өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров жетектеп жатат. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар да жардам берип жатат. Издөө иштери уланууда.

Шахта техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан улам урап түшкөн болушу мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: