«Human Rights Watch» уюмунун укук коргоочусун тоногондор камакка алынды

????????????????????????????????????

Бишкек милициясы эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюмунун кызматкери Стив Свердловдун тоноолушу боюнча шектүү эки кишини кармады. Кол салгандардын үчүнчүсүнө издөө жарыяланды.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов карактоо боюнча шектүүлөр 22-апрелде кармалганын Kloop.kgге кабарлады.

Анын айтымында, шектүүлөрдү Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсүндө Биринчи май районунун кылмыш иликтөө кызматкерлери жана ИИМ академиясынын курсанттары рейд жүргүзүп жатып кармап алышкан.

«Милиция кызматкерлери Ахунбаев көчөсүндөгү короолордун биринде үч киши кимдир-бирөөгө күч колдонуп жатышканын байкап калышкан. Милиция кызматкерлерин көрүп шектүүлөр качып кетүүгө аракет кылышкан, бирок экөөнү укук сакчылары кармап алып, буюмдарды Свердловго кайтарып беришкен», — деди ал.

Кармалган 19 жаштагы эки жигит Ош облусунда туулган. Биринчи май районунун ИИБнин тергөө бөлүмү «Карактоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Азыр милиция кармалгандарды башка кылмыштарга тиешеси жагынан текшерип жатат. Мындан тышкары, кол салгандардын үчүнчүсү изделүүдө.

Кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо изоляторунда отурушат. Тергөө улантылып жатат.

Эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюмунун кызматкери Стив Свердловго кол салуу болгонун кыргыз укук коргоочулары 22-апрелде билдиришкен. Свердлов кол салууда саясат же кылмыш болбогонун билдирген.

«Human Rights Watch» — коммерциялык эмес жана өкмөттөн эркин уюм, ал дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндөгү адам укуктары бузулган учурларды иликтейт жана каттайт. Уюм кыйноого, басмырлоого жана балдарды пайдаланууга каршы турат.


ТЕМА БОЮНЧА: