«Суусап, ачка болгон жокпуз. Жылынгыбыз келип жатты». Жыргалаңда куткарылган шахтердун монологу

Ысык-Көлдөгү эки тоо жумушчусу суу баскан «Жыргалаң» шахтасынын урандыларынын алдында дээрлик эки сутка бою калышкан. Куткарылган шахтерлордун бири Кайрат Доргоев жумушчулар 500 метр тереңдикте эмне болгонун жана куткарууну кантип күтүшкөнүн айтып берди.

Баядоо Доргоевдин атынан жүргүзүлөт:

Куткарылган Кайрат Доргоев.

Шахтанын өзүнүн тереңдиги 150 метр, андан ары дагы 500. Терең. Үстүндө эриген суу бир жерге топтолуп жырып кеткен экен. Биз экөөбүз болсо чыга беришке чуркап барганга жетишпей калдык — суу бизден озуп барып чыга беришти ээлеп алды. Биз чыга бериштен артка чегиндик, анткени суу келе берди. Коопсузураак жерге жетип, ал жерде суу сордурулуп бүткүчө күтүп отурдук.

Ал жерде жантык жана түз өзөк бар. Суу ошол эки өзөктүн бириккен жерине топтолот. Биз түз өзөгүндө болчубуз. Чыга беришке чуркап барып, бирок жетишпей калдык. Суунун баары желдетүүчү меш аркылуу ылдый агат, аны менен көтөрүлүшкө да мүмкүн эмес.

Биз штыктан 200 метр туңгуюкту, забойду көздөй жылган экенбиз. Болжол менен ортосунда болуптурбуз.

Аба жакшы эле болчу, аба келип эле атты. Коркунуч деле болгон жок, тек гана үшүп калдык. Кийимибиздин баары суу болду.

Туугандарыбыз үчүн кабатыр болуп жаттык. Алар карыган, оорукчан кишилер. Санааркашы мүмкүн. Өзүбүз үчүн тынсызданган жокпуз, бизди куткарып алышаарына көзүбүз жетип эле турду.

Бир убакта туңгуюктан чыга бериш кайсы жерде экенин билгени барсак жарык түшүп жатат. Биз дароо фонарик менен жарык кылып белги бердик. Алар да кыйкырышты, биз да кыйкырдык. Акырындап суу менен жүрүп отуруп бирден чыгып келдик.

Суусап же курсак ачкан жок. Жылынгыбыз келип жатты. Топурак аркылуу сарыккан суу таза, ошону ичип аттык. Суук болгондо желдетүүчү түтүктүн материалына оронуп аттык, бирок ал деле жардам бербейт экен.

Эмгиче араң жылып атабыз. Дарыгерлер тамчылатма жазып беришти. Ооруканада дагы эки күн жатасыңар дешет.

Бизге санааркагандардын баарына таазим! Жөн эле ыраазыбыз десек жетишсиздик кылат. Жардам бергендерге, бул операцияга катышкандардын баарына ырахмат. Дарыгерлерге, ӨКМге, атайын кызматтарга, акимдерге, губернаторго, насос берген «Кумтөргө» жана кайдыгер карабагандардын баарына ырахмат.

Коркпой калдык. Элдин баары эле иштеп атат, биз деле иштей беребиз.


ТЕМА БОЮНЧА: