«Аль-Жазира» Кыргызстан тууралуу алгачкы фильмин тартты

Эл аралык «Аль-Жазира» телеканалы «Кыргызстан — кереметтердин өлкөсү» көрсөтүүлөр топтомунун биринчи сериясын жарыкка чыгарды. Жалпысынан алты чыгарылыш көрсөтүлөт. Берүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалында тартылган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева «Аль-Жазира» Кыргызстан тууралуу алты берүү көрсөтөөрүн айтты.

«Биринчи чыгарылыштан кийин дароо эле телеканалдын журналисти анын телефону чалган кишилердин көптүгүнөн жарылып кете жаздаганын, аккумулятору чыдабай кеткенин айтты. Көрсөтүү араб мамлекеттеринде Кыргызстан үчүн чоң жарнама кылып берди», — деп жазды ал «Фэйсбукта».

Чыгырыктын авторлору ошол кездеги президенттик администрация башчысынын орун басары Сапар Исаков менен да маектешкен.

Достооор! Сүйүнчү! "Аль-Джазира" каналы бүгүн Кыргызстан тууралуу "Кыргызстан-страна чудес" деген көрсөтүүсүн эфирден берди. Буйурса, 30-апрелге чейин Кыргызстан тууралуу 6 көрсөтүү чыгат. Журналист Тарек мырзанын айтымы боюнча бүгүн эфирден кийин көптөгөн телефон чалуулардын болуп, Кыргызстандын кайда жайгашканы, кантип барса болорун ж.б. сурай беришип, телефонун заряды өчүп жатты деп мени күлдүрдү. Бул көрсөтүү бүткүл араб дүйнөсүнө Кыргызстан тууралуу чоң реклама болду деп эсептейм, достор. Бул фильмди тартууга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - эн башкы себеп. Ошону менен бирге, Тышкы иштер министрлигинин, Катардагы Элчигибиздин түздөн-түз көмөгү бар экенин айта алам. Ал эми колдоп, тиешелүү интервью, материалдар менен камсыз кылып бергени үчүн Президенттик Аппараттын пресс-кызматына, жеке Алмаз Усеновго ыраазычылык билдирем!

Posted by Aiymkan Kulukeyeva on Monday, April 24, 2017

Кулукееванын айтымында, көрсөтүү эки жума ичинде 2016-жылдын сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда тартылган.

Кыргызстанда көрсөтүү тартылаарын телеканалдын жетекчилиги күн мурунтан эскерткен, ошондуктан «Аль-Жазиранын» англис жана араб редакциясынан дароо эки тартуучу топ келген.

Англис редакция Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырып, араб редакциясы болсо көрсөтүү тартыш үчүн материал чогулткан.

Алты мүнөттүк чыгырыктын биринчи бөлүгү Кыргызстандын табиятына жана тарыхына арналган. Андан кийин чыгырыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кадрлары көрсөтүлөт. Чыгырыктын жарым мүнөтү Көчмөндөр оюндарында комуз күүлөрүнүн ичинен эң белгилүү «Маш ботой» композициясын чертип беришкен миң комузчунун өнөрүнө арналат.

«Аль-Жазира» каналында комуздун, камчынын жана тогуз коргоолдун бет ачаары:

Комузду, камчыны жана шахматты арабдар кандайча кабыл алды?Презентация комуза, камчи и шахмат на канале "Аль-Джазира" - интересная реакция.

Posted by Nuran Niyazaliev on Monday, April 24, 2017

Кыргызстан тууралуу алты берүү 24-апрелден 30-апрелге чейин күнү бою туруктуу кайталанып көрсөтүлүп турат.


ТЕМА БОЮНЧА: