Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дааватка тыюу салууну сунуш кылууда

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда миссионердик ишмердикке тыюу салууну сунуш кылууда. Ошондой эле жалпы орто билими жок жаштарга чет өлкөлүк диний окуу жайларында окуганы барууга тыюу салуу тууралуу сунуш түшүп жатат.

Мекеме «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.

Түзөтүүлөр дааватка — диний көз караштарды таратыш үчүн батирлерди жана үйлөрдү кыдырууга, ошондой эле кандай гана болбосун мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүккө тыюу салат.

Сунуш кылынган түзөтүүлөргө ылайык, Кыргызстандын чегинен тышкары диний билим алууга өлкөнүн ичинде жалпы же диний билим алгандан кийин алгандан кийин гана уруксат берилет.

Ошондой эле андай окууга кетээрде дин иштери менен алек болгон органды кабардар кылыш керек болот.

Мыйзамды бузган адамдар административдик жоопкерчиликке тартылат, бирок түзөтүүлөрдө кандай жоопкерчилик экени көрсөтүлгөн эмес.

Мекемедегилер жаштардын чет элдик диний окуу жайларына кетиши улуттук коопсуздукка терс таасир тийгизип жатат деп эсептешет.

Мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, жаштар дин боюнча билим алыш үчүн Сауд Аравиясына, Мисирге, Түркияга, Пакистанга, Ооганстанга, Индияга жана Иранга кетип жатышат.

Мекеме өкүлдөрү жаштар тез таасирге кабылат, андыктан жаштардын чет өлкөгө диний билим алууга барышын жөнгө салуу зарыл деген пикирде.

Түзөтүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.

Сүрөт: «Турмуш»


ТЕМА БОЮНЧА: