Саясий туткундарды коргоо комитети Евробиримдиктин делегациясынын алдына пикетке чыкты

Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлдөрү Бишкектин борборунда пикетке чыгып, Европа Биримдигинин делегациясынан Кыргызстандагы саясий туткундар маселесине көңүл бурууну талап кылышты. Мурда Евробиримдиктин делегациясы алар менен жолугушуудан баш тарткан.

Эркиндик бульварынын Москва көчөсү менен кесилишиндеги «Орион» ишкерлик борборунда 17 пикетчи чогулду.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154588207814639/

Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлү Зульфия Марат Kloop.kgге алар Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушууну талап кылышканын айтып берди.

«Биз булар миллиондогон гранттарды берип жатышкан өлкөдө демократия жок экенин баарына айтабыз. Ошондуктан биз Европа Биримдигинин Кыргызстанга берилген бардык гранттарын токтотууну талап кылабыз. Анан биздин саясий туткундарды куугунтукка алып жаткан Атамбаевдин кишилеринин Европага барышына эч кандай жол берилбесин», — деди ал.

Анын айтымында, азыр өлкөдө 25 саясий туткун бар, ал эми Европа Биримдиги демократия жаатында эч кандай жардам бербей жатат.

Мурда Буриан комитеттин өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тарткан. Пикетчилер Европа Биримдиги үчүн алардын өтүнүчүнө көңүл кош мамиле кылуу маскарачылык деп билдиришти.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн же Евробиримдиктин делегациясынын эч кимиси пикетчилерге чыккан жок.