Алмаз Үсөнов: «Gulcanlar» «Elektromedдин» бөлүгү болуп калган, Байсалов баарын адаштырды

Эдил Байсалов 25-апрелде басма сөз жыйынын өткөрүп, анда 2000-жылдардын башындагы Атамбаевдин бычымдары тууралуу жаңы документтерди көрсөткөн.

Президенттик администрациянын басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов коомдук ишмер Эдил Байсалов коомчулукту адаштырганын билдирди. Үсөновдун маалыматы боюнча, «Gulcanlar Elektrik Elektronik» түрк компаниясы Алмазбек Атамбаев өзүнүн андагы 90 пайыз акцияларын сатып жибергенден кийин «Elektromed Elektronik» холдингинин бир бөлүгү болуп калган.

Үсөнов 25-апрелде өз билдирүүсүн «Фэйсбуктагы» өз барагында жарыялады. Анын айтымында, Байсалов «Gulcanlar Elektrik Elektronik» түрк компаниясы «Elektromed Elektronik» болуп өзгөргөн эмес деген билдирүүсү менен «өзүн да, коомчулукту да адаштырып жатат».

Президенттин администрациясы Атамбаев «Gulcanlar» компаниясынын 90 пайыз акциясын сатуудан 35 миллион доллар алганын, кийин ал ишкана «Elektromed» болуп аталып калганын айтып жатат.

«Ал тургай Байсалов журналисттерге көрсөткөн документтер боюнча деле Атамбаевден электр шаймандарын өндүрүү боюнча ишкананы сатып алгандан кийин «Elektromed» холдинги 2003-жылдын февралында Измирдеги филиалын ачканы көрүнүп турат», — деп жазат Үсөнов.

Президенттик администрациянын басма сөз катчысынын айтымында, Атамбаев акцияларын сатып жиберген ишкананын толук аталышы азыр «Elektromed Elektronik Sanayi ve Saglik Hizmetleri A.S».

Байсаловдун басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү.

Үсөнов Байсалов Измирге барып, ишкананын сыртындагы жазууну сүрөткө тартып алса, ал жакта «Elektromed» компаниясынын жазуусу турганын «сөзсүз көрмөк» деген оюн жазды.

«[…] көрсөтүлгөн видео менен сүрөттөрдө имараттын өзү эле бир нече миллион доллар турганы көрүнүп эле турбайбы. Андан тышкары жабдуу бар да. Акырында айтаарыбыз бул ийгиликтүү иш болчу, ал болсо оңой акча турбайт», — деп жазат басма сөз катчысы.

«Gulcanlar» ишканасынын Үсөнов тараткан сүрөтү.

Үсөнов 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкан соң түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мурдагы аткаминерлери кантип байып кетишкенине кайрадан көңүл бурду.

Атап айтканда, президенттин басма сөз катчысы Байсаловдун карамагында Ысык-Көл облусундагы мүлкү — батири жана көлдүн жээгиндеги төрт жер участогу кантип пайда болгонун, ал кайсы акчага Измирге барып келгенин сурады.

«Акыркы жылдары сиз өзүңүздү жарандык активист, коомдук ишмер катары көрсөтүп жүрөсүз, бирок сиздин туруктуу иштеген жериңиз жок экени белгилүү. Демек чет өлкөгө, ошол эле Измирге барганга акча кайдан табылып жатат? Бул сапарды өз чөнтөгүңүздөн каржыладыңызбы же бирөөлөрдүн "табыштаган" ишин аткардыңызбы?», — деп суроо берди Үсөнов.

Убактылуу өкмөттө Байсалов дээрлик эки ай бою мурдагы президент Роза Отунбаеванын администрация башчысы болуп турган.

Президенттик администрациянын койгон кинесине Байсаловдун жооптору:

Бычымдар тууралуу жаңы маалыматтар

Эдил Байсалов 25-апрелде Алмазбек Атамбаев президент боло электе 2000-жылдардын башында Түркияда түзгөн бычымдары тууралуу жаңы документтерди жарыкка чыгарды.

Байсаловдун айтымында, бул документтер Атамбаев «Elektromed Elektronik» ишканасынын акцияларына ээлик кылган деген президенттик администрациянын сөзүн төгүнгө чыгарууда. Коомдук ишмер «Gulcanlar» менен «Elektromed» — бири-бирине көз каранды эмес компаниялар экенин көрсөтүп жатат.

Далил катары ал Түркиянын Соода регистринен алынган маалыматты келтирди, ага ылайык 2002-жылдын аягында, бычым түзүлгөнгө жакын, бул компаниялардын уставдык капиталынын суммалары жана акция ээлери башка болчу.

«Атамбаев «Gulcanlar Elektrik» компаниясындагы 90 пайызды өткөрүп берген. «Elektromed» холдинги таптакыр өзүнчө жана ага баш ийбеген түзүм болуп саналат. Бул мисалы “Дордой” базарында соода кылган киши базардын баарына ээлик кылам дегендей эле кеп. Экөө таптакыр эки башка нерсе», — деди Байсалов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маекте.

Атамбаевдин мүлкүнүн келип чыгышы боюнча суроолор президент Кипрде ишкерлик кызыкчылыгы бар экенин айткан «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин дооматтарынан кийин пайда болгон.

Текебаев Кипрдеги документтерди далил катары жарыкка чыгармакчы болгон, бирок жетишкен эмес. Ал алдамчылык жана коррупция боюнча айыпталып, 26-февралга караган түнү кармалган, эми оппозициячы тергөө изоляторунда отурат.

Президент болгон соң Атамбаев Түркиянын жетекчилигине достук мамилесин далай жолу көрсөткөн. Ал жыл сайын Түркияда болот жана президент Режеп Эрдоган менен бир нече ирет жолугушкан.

Атамбаев Түркияга саясий маселелер боюнча эле барып тим болгон эмес — президент маал-маалы түрк дарыгерлерине барып ден соолугун оңдоп турат. 2014-жылы Атамбаев ал жактан тизесине операция жасатып, 2016-жылы болсо Измирде инсульттан кийин ооруканага жаткырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: