Депутаттар туристтик зоналарда батирлерди суткалап жалдоого уруксат бергиси келет

Депутаттар туристтик же курорттук зоналарда батирлерди суткалап ижарага берүүгө уруксат берүүнү сунуш кылып жатышат. Мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө ижара ээлеринин сын пикирлери себеп болууда.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу курорттук зоналарда батирлерди ижарага суткалап берүүгө салынган тыюуну алып таштоону сунуш кылды. Андай зоналардын тизмесин өкмөт аныкташы керек.

Депутат ошондо туристтер тоскоолдуксуз убактылуу турак-жай жалдай алышат деп эсептейт.

«Ысык-Көл облусунун айрым тургундары өздөрү жашаган имараттарды мейманкана катары ижарага берип жан багышат», — деп айтылат депутат сунуш кылган түзөтүүлөрдүн негиздемесинде.

Андан тышкары, депутат турак-жайдын ижарага берилгени үчүн милдеттүү төлөмдөрдү чогултууну сунуш кылып жатат, бул өлкө бюджетине жаңы киреше булагын камсыз кылат.

Көп батирлүү үйлөрдө батирлерди суткалап ижарага берүүгө тыюу салуу Кыргызстанда 2017-жылдын 10-январынан тартып күчүнө кирген.

Мыйзамдын демилгечиси, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев андай батирлер сойкукана болуп кетээрин билдирген.

Тыюу көп кабаттуу үйлөрдөгү батир кожоюндарына гана тиешелүү.

Мыйзамды бузган жарандарга 7 миң сом, кызмат адамдарына – 9 миң сом, юридикалык тараптарга 70 миң сом штраф салынат.

Бул тыюу ижарачылардын, анын ичинде туристтик зоналарда жашагандарынын ачуусун келтирген.

Караколдун тургундары бир нече жолу митингге чыгып, тыюуну алып таштоону талап кылышкан, анткени туристтерге батирлерин ижарага берүү — көпчүлүк шаарлыктар үчүн акча табуунун бирден-бир жолу.


ТЕМА БОЮНЧА: