«Имам Шамилдин батальону» Петербургдагы террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды

Өзүн «Аль-Каиданын» бир бөлүгү деп атаган мурда белгисиз «Имам Шамилдин батальону» аттуу уюм 16 кишинин өмүрүн алган Петербург метросундагы жарылуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

«Имам Шамилдин батальону» («Катиба аль-Имам Шамиль») уюмунун билдирүүсү тууралуу 25-апрелде Интернетте террордук топтордун иштерине сереп салган твиттер-аккаунттардын жарыяларынан белгилүү болду.

Уюм өзүн эң ири террордук топтордун бири болгон «Аль-Каиданын» бир бөлүгү деп эсептейт.

«Имам Шамилдин батальонунун» билдирүүсүндө террордук чабуулдун аткаруучусу Кыргызстанда туулган Орусия жараны Акбаржон Жалилов болгону айтылат. Орусиянын бийлиги Жалиловду Петербург метросунда өзү жардырып жиберген жанкечти болгон деп шектенүүдө.

«Имам Шамилдин батальону» өз- билдирүүсүндө террордук чабуул «Аль-Каиданын» башчысы Айман аз-Завахиринин «насааты менен» коюлганын жазат.

Белгисиз уюм

«Conflict Intelligence Team» (CIT) изилдөө тобу «Имам Шамилдин батальону» Орусиянын Сириядагы аскерлерин алып чыгууну талап кылып, жаңы чабуулдар менен опузалаганын жазат. CITтин маалыматы боюнча, бул террордук уюм мурда белгилүү болгон эмес.

Орусиянын илимдер академиясынын (ОИА) Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун жетектөөчү адиси Наталья Рогожина да Question.ru кызматынын комментарийлеринде «Имам Шамилдин батальону» жөнүндө эч нерсе белгисиз экенин жазат.

«"Ислам мамлекет" же "Аль-Каида" менен аффиляцияланган толтура уюмдар бар. Көптөгөн эксперттер алардын биригип кетиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт, бирок азыр алар өз ара атаандашып жатышат жана дал атаандаштыктын алкагында бул топ Петербургдагы террордук чабуул үчүн өзүнө жоопкерчилик алышы мүмкүн», — деп эсептейт ал.

Имам Шамил — XIX кылымдын ортосундагы тарыхый инсан. Ал Дагестан менен Чеченстандын тоолуктарын өз алдынчалык үчүн Орусияга каршы күрөштө бириктиргени менен белгилүү.

Метродогу террордук чабуул

Петербург метросунда 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда жарылуу болгон. Террордук чабуулдун натыйжасында 16 киши жан берип, 50дөн ашуун адам жарадар болгон.

Террордук чабуул үчүн жарылуу учурунда курман болгон Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов айыпталган — ал Кыргызстанда туулуп, акыркы алты жылда Петербургда жашаган.

Атайын кызматтардын версиясы боюнча, Кыргызстанда туулган дагы бир жаран Аброр Азимов Жалиловду «тирүү бомба» катары колдонушу мүмкүн болчу. Эки шектүү жарандын туугандары алардын террордук чабуулга тиешеси бар экенине ишенишпейт.