Мамдеп Кыргызстанга берчү жардамын 60 пайызга азайтат

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти өнүгүп келаткан өлкөлөргө берчү жардамын азайтаарын билдирди. 2018-жылы Кыргызстанга бериле турган гранттык жардам болжол менен 60 пайызга кемийт.

АКШнын президенти Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен өнүгүп келаткан өлкөлөргө берилчү акчалай жардам азайтылат.

Эми өнүгүп келаткан өлкөлөргө жумшалып жүргөн акча Кошмо Штаттардын мамлекеттик коопсуздугун бекемдөөгө сарпталат.

2015-жылы АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) долбоорлору аркылуу 195 миллион доллар бөлүнгөн Кыргызстанга бериле турган жардамдын өлчөмү эми 59,9 пайызга азаят.

Кыргызстанга бериле турган жардамды азайтуу.

АКШнын акчасы билим берүүгө, экологияга, саламаттык сактоого, айыл чарбасына, азык-түлүк коопсуздугуна, экономикага жана соодага жумшалчу.

2015-жылы эң көп акча жумшалган тармактар демократиянын өнүгүшү, адам укуктары жана мамлекеттик башкаруу болуп, аларга 69 миллион доллар сарпталган.

USAIDдин жетекчилиги агенттик Вашингтондогу кеңселерге эмес, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөргө артыкчылык берүү аркылуу кыскартуу менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Бирок агенттик  мурда пландаштырылган 30-35 миссиядан баш тартууга жана аймактык бюролорду орто эсеп менен 65 пайызга азайтууга туура келет деп эмитен эле божомол кылып жатат. USAIDдин штабдары азыр болжол менен дүйнөнүн 100 мамлекетинде иштейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо системасын каржылоо кыскартылат, бирок СПИД менен күрөш программаларын каржылоо сакталып калат.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу боюнча каржылоо 68 пайызга кемийт.

Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн натыйжалары менен күрөшүүгө берилген жардам азаят.


ТЕМА БОЮНЧА: