Мурдагы мэр Нариман Түлеев өз үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискациялоону «чектен ашкандык» деп атады

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев «Сапатком» ишкерлик борборунун жана «Караван» соода борборунун конфискацияланышын мыйзамсыз деп эсептейт. Түлеев соттун чечимдеринде мүлктү конфискациялоо жөнүндө бир да сөз жок экенин айтып жатат.

Түлеев анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискациялоо соттун тиешелүү чечими жок жүргүзүлгөнүн айтты.

Түлеевдин айтымында, соттордун анын иши боюнча токтомдорунда конфискациялоо жөнүндө бир да сөз жок.

«Мага конфискация тууралуу сөз болгон соттун чечимин эч ким көрсөткөн жок», — деди ал.

Түлеевдин пикиринде, бийлик ал «Караван» соода борборун 2008-2010-жылдары мэр болуп турганда алган акчага салганын далилдегиси келип жатат.

Бирок мурдагы аткаминер «Караван» соода борбору 2003-2006-жылдары курулганын жана анын маркум атасына тиешелүү болгонун айтты.

«Муну мүрзө же күмбөз талоо менен салыштырса болот, бул талоончулуктан же рейдерликтен да жаман», — деди ал.

Мурдагы мэр президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, мыйзамды бузган аткаминерлердин ишин текшерип чыгууну өтүндү.

Түлеев өзү көрсөткөн Ленин райондук сотунун 2013-жылдагы токтомунда мурдагы мэр 11 жылга эркинен ажыратылганы, анын мулкү болсо «мамлекеттин пайдасына конфискацияланышы керек» экендиги айтылат.

Нариман Түлеевдин иши боюнча 2013-жылдагы Ленин райондук сотунун чечими.

Түлеевдин мүлкүнүн конфискацияланышы

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкекте Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык эки имаратты конфискациялаган.

«Караван» соода борбору 25-апрелде конфискацияланып, «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлгөн.

«Сапатком» ишкерлик борборунун имараты мамлекеттин пайдасына 21-апрелде конфискацияланган.

Түлеев өзү имараттардын конфискациясын аларды басып алуу деп билдирди, анткени ал эч кандай маалымдама алган эмес.

Түлеевдин соттолушу

Мурдагы парламент депутаты жана Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге 2012-жылдын августунда борбор шаар үчүн Кытайдан автобустарды жана кар тазалоочу техниканы алып келүүдө мамлекетке ири зыян келтирген деген айып коюлган.

Тергөөнүн материалдары боюнча, Түлеев мамлекетке 33 миллион сом зыян келтирген.

2013-жылдын июлунда Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен  11 жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылдын январында Жогорку сот ал чечимди күчүндө калтырган.

2016-жылдын май айында Түлеев коррупция боюнча айыпталып жазасын өтүп жаткан №47 түзөтүү колониясынан бошотулган.

Мурдагы мэр мунапыска туш келип калып түрмөдөн чыккан. Түлеев мамлекетке тийгизген зыяны үчүн 60 миллион сом төлөп берген.


ТЕМА БОЮНЧА: