«Сентябрь» телеканалы КТРКдан төгүндөө талап кылып жатат

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевге таандык «Сентябрь» телеканалы КТРКнын  журналисти Канат Каниматовдон төгүндөө талап кылууда. Ал тарткан сюжетте «Алиппе» билим берүү телеканалынын «кымбат баалуу жабдуусу тартып алынганы» айтылган.

КТРКнын журналисти Канат Каниметов «Алиппе» телеканалынын жабдуусу «Сентябрь» телеканалында болуп калганы тууралуу сюжет тарткан.

Ал өз сюжетин «Алиппенин» мурдагы директору Алмазбек Абековдун жана анын адвокаттары Абаз Мамбетакунов менен Икрамидин Айткуловдун маегине негиздеген.

Абеков «Алиппедеги» үлүшүн саткысы келгенин, бирок Юстиция министрлиги компанияны башка тарапка кайрадан каттоого жол бербей койгонун айткан. Адвокаттар тыюуга Текебаевдин жакын санаалашы Алмамбет Шыкмаматов кол койгон дешет.

«Мен жабдууну кымбат алып, үчтөн бир баасына сатууга мажбур болгом. […] Ал жабдуу телеканалында “Сентябрь” кураштырылып орнотулган», — деген Абеков.

Абеков өзү «Мегаком» компаниясынан 142 миллион сомду мыйзамсыз алып чыгып кеткен деген айып менен түрмөдө отурат. Абеков 2012-жылы уюк операторунун башкы директорунун кеңешчиси болуп турган.

«Сентябрь» төгүндөөнү талап кылууда

«Сентябрь» телеканалынын башкы редактору Канышай Мамыркулова КТРКнын версиясын толугу менен жокко чыгарууда. Анын айтымында, КТКРнын журналисттери «Сентябрь» телеканалы бул жабдууну башка бирөөнөн алганына эч кандай далил келтиришкен эмес.

«Репортаждын максаты — жалаң гана бизди каралоо», — деди ал.

Мамыркулова «Алиппе» жана «Сентября» телеканалдарынын жабдуусу бири-бирине техникалык себептерден да туура келмек эмес дейт.

«Сентябрдын» жетекчилиги бул сюжеттин автору журналист Канат Каниметовдон төгүндөөнү талап кылууда.

Каниметов өзү ал чыгарылышка «коомдук кызыкчылык» себеп болгонун айтты.

Саясий ишмер Равшан Жээнбеков камактагы Алмазбек Абековдун сөзүнө ишенүүгө болбойто жана КТРКнын дооматында конкреттүү фактылар жана далилдер жок деп эсептейт.

Анын айтымыда, оппозициячы Текебаевдин телеканалын саясий куугунтук кылып жаап койгусу келип жатышат.

«Бийлик эркин “Сентябрь” телеканалынын оозун кандай жол менен болбосун жапкысы келип жатат», — деди Жээнбеков.

2012-жылы «Сентябрга» карата ошондой эле дооматтар коюлган. Анда телеканал Жалал-Абад сыналгысынын жабдуусун мыйзамсыз пайдаланаары айтылган.

Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсү

Оппозициячы Өмүрбек Текебаев азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын ТИЗОсунда отурат.

Тергөө орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин дооматынан улам Текебаевди коррупция жана алдамчылык боюнча айыптоодо.

Ишкер «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин айткан болчу.

Текебаев президент Алмазбек Атамбаев менен тирешүүсү күчөп бараткан шартта камакка алынган.

Оппозициячы Конституцияга президент сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыгып, андан соң Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу маалыматты жарыкка чыгара баштаган.

Текебаев ошондой эле президентке импичмент жарыялоо процедурасын баштаганы жаткан.

Президент өзү Текебаевдин ишинде саясат жок экенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: