Аскер сотунун мурдагы төрагасынын 50 миң доллар пара алганы боюнча кылмыш иши сотко өттү

Аскердик прокуратура Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурлан Ашымбековду айыптоо боюнча ишти сотко өткөрүп берди. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал соттолуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүш үчүн 50 миң доллар пара алган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурлан Ашымбековдун 50 миң доллар пара алганы боюнча тергөө иштери аяктаганын билдирди. Иштин материалдарынын баары Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү.

Ашымбеков пара тооруп, пара алганы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн айыпталып жатат.

Тергөөнүн материалдары боюнча, Ашымбеков 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга байланышкан иш боюнча соттолуучулардын бирөөнүн тууганынан 50 миң доллар пара алган.

Сотчу Ашымбеков анын камакка алынышын үй камагы менен алмаштырууга убада берген. Андан тышкары, ал соттолуучуга жумшагыраак өкүм чыгарууга жардам берээрин айткан.

Башкы прокуратурага соттолуучунун туугандары кайрылып, Ашымбеков алардан акча сурап жатканын айтышкан. Алардын айтымында, 50 миң долларлык пара соттун чечимине эч кандай таасир этпей койгон.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган. Соттун чечими менен Ашымбеков үй камагында отурат.