Кыргызстан ЖМК эркиндигинин индексинде төрт позицияга төмөн түштү

«Чек арасыз репортерлор» эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Документке ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинде 89-орунга ээ болду. Былтыр өлкө 85-орунда болчу.

Баяндамада ЖМК эркиндигине байланышкан абал ири демократиялуу олкөлөрдө да өзгөрүп кетүү коркунучу бар экени айтылат.

Мурда рейтингде биринчи орундарда турган көп өлкөлөр өз позициясынан тая баштаган, алардын арасында АКШ (- 2 позиция), Улуу Британия (- 2 позиция) жана башкалар бар.

Уюмдун бериндиси боюнча, рейтингде саналган өлкөлөрдүн 60 пайыздан ашыгында абал начарлаган.

«ЖМК жаатындагы абал “жакшы” же “көбүнчө жакшы” деп мүнөздөлгөн өлкөлөр 2,3 пайызга азайды», — деп айтылат баяндамада.

Кыргызстан Украина, Армения жана Грузия менен кошо кызгылт сары топко кирди.

Кызгылт сары топ — сөз эркиндиги бузулушу мүмкүн болгон, бирок анын сакталып кала бере турган концепциясы бар өлкөлөр.

Бирок Кыргызстан бул рейтингде 4 позицияга төмөн түштү.

Борбор Азиянын эки өлкөсү — Казакстан (+4 позиция) жана Тажикстан (+1 позиция) кызыл тилкеде турушат, ал жерде ЖМК эркиндигиин абалы абдан кыйын.

Түркмөнстан (0 позиция) жана Өзбекстан (- 3 позиция) кара тилкеге түштү, ал жерде абал өтө олуттуу.

Рейтингдеги биринчи орунда Норвегия турат, ал үчүнчү позицияга түшкөн Финляндиянын ордун ээледи.

Акыркы орунда Түндүк Корея жайгашкан, уюмдун эксперттеринин пикиринде ал «өз калкын караңгылыкта жана террордо кармап турат».

«Демократиялык принциптердин бошоңдошу сапаттуу басма сөз болмоюнча башка эркиндикке кепилдик болушу мүмкүн эмес деп эсептегендердин баарын дендароо кылууда», — деп билдирди «Чек арасыз репортерлордун» баш катчысы Кристоф Делуар.

«Чек арасыз репортерлордун» басма сөз эркиндигинин рейтинги (БЭР) 2002-жылдан бери чыгып келатат. Тизменин өзү 180 өлкөнүн рейтингин түзөт.

2017-жылдын рейтинги 2016-жылдын 1-январынан 31-декабрна чейинки бузумдарды эске алат. Тизме ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин, социологдорунун жана юристтеринин жоопторун талдоонун негизинде түзүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: