Украин бийлиги Кыргызстандагы өз элчисин алмаштырат

Президент Петр Порошенко Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенкону кызматтан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Элчи кыргыз парламентинин эки депутатын Крымга барганы үчүн сынга алган.

Украины президентинин сайтында Дорошенко ээлеген кызматынан бошогону кабарланды.

Анын бошотулушу тууралуу жарлык президенттин сайтында 26-апрелде пайда болду, бирок анын себептери көрсөтүлгөн эмес.

Дорошенко өзү «Фэйсбукта» баарына кызматташтык жана колдоо үчүн ыраазы экенин жазды.

Крым тууралуу Путин менен талаш

2016-жылдын сентябрынын ортосунда Дорошенко Украина Орусиянын КМШда төрагалык кылышына каршы чыккан.

«Орусия эл аралык укук ченемдерин бузуп, Украинанын аймагынын бир бөлүгүн кошуп алып, Украинанын чыгышындагы аскердик тирешүүгө салым кошуп жатканын эске алып, украин тарап төрагалыкты өткөрүүнү кабыл албайт», — деген ал, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып.

Ага жооп кылып Путин Крым Орусияга БУУнун эл аралык укуктарын толук сактоо менен кошулганын билдирген. Орусиянын президенти Украина КМШнын уставына кол койбогонун, ошондуктан «сунуш киргизе албай турганын» айткан.

Бирок Крымды Орусиянын бөлүгү деп алты гана мамлекет — Ооганстан, Куба, Венесуэла, Никарагуа, Түндүк Корея жана Сирия гана тааныган.

Кыргыз депутаттарын Крымга барганы үчүн сынга алуу

Ушундай эле талаш марттын аягында Дорошенко менен Жогорку Кенештин депутаты Ирина Карамушкинанын ортосунда чыккан.

Ал кезде Украинанын элчиси Карамушкина кызматташы Марат Аманкулов экөө Орусиянын аймагы аркылуу Крым жарым аралына барышканына ачуусу келген.

«Бул анын тандаганы. Анын жоопкерчилиги. Эгерде ал өзүн келечекти караган саясатчы деп эсептесе, ал мыйзамга баш ийген жаран болуп, өз өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлашы керек. Кыргызстан Украина менен достук жана кызматташтык тууралуу келишимге 1996-жылы эле кол койгон», — деген анда Дорошенко.

Украина өз аймагынан тышкары Крымга кандай гана болбосун барууга тыюу салат. Украинанын жарандары болбогон адамдар жарым аралга барышы үчүн миграция кызматынан уруксат алышы керек.

Өз иш сапарын Карамушкина Крымда эмне болуп жатканын өз көзү менен көргүсү келгени менен түшүндүргөн. Анын айтымында, Крымга Орусия аркылуу баруу «ыңгайлуураак» болгон.

Ал өзүнө чара көрүүнү талап кылып кыргыз бийлигине кайрылганда Дорошенко ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: