Видео: Караколдогу опурталдуу сыйгалакта ойногон балдар

Балдар аянтчасында үч бала чала жасалган сыйгалакта ойноп жатышканы тууралуу видеону 26-апрелде «Фэйсбукта» журналист Сергей Высоцкий чыгарды. Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттары айдын аягына чейин балдар сыйгалагын оңдотуп берүүгө убада беришти.

Журналист Сергей Высоцкий «Фэйсбукта» 26-апрелде Караколдогу балдар аянтчасындагы видеону жарыкка чыгарды. Аянтчада үстүңкү чатыры жок сыйгалак орнотулган. Үч бала чоң жыртыктан аттап барып сыйгалактан жылгаяк тээп түшүп жатышат.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154592068564639/

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев сыйгалактын мындай абалын кыш эрте келип калып курулуш иштери убагында бүтпөй калганы менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, жаңы балдар аянтчасын куруп берүү тууралуу демилгени 2016-жылдын күзүндө «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары көтөрүшкөн.

«Мен курулуштун демилгечиси депутат Улан Сапаровго телефон чалдым. […] Ал бир-эки күндөн кийин оңдоо иштерин баштап, жуманын аягына чейин бүтүрүп берүүгө убада берди. Алар сыйгалакты оңдоп, аянтчанын коопсуздугун камсыз кылышат», — деди Айтбаев.


ТЕМА БОЮНЧА: