Бийлик Кыргызстандын түштүк аймактарында экстремизмге каршы акцияларды өткөрдү

Кыргызстандын түштүк аймактарында бийлик терроризм менен экстремизмге каршы акцияларды өткөрдү. Жөө жүрүштөр Ош облусунун Араван, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда өткөрүлдү. Бул райондордун баарынан адамдар Сирияга кетишкен.

Ош облусунун Араван айылында 600 мектеп окуучусу жана жергиликтүү тургундар көчөлөргө «Жаштар экстремизм менен терроризмге каршы», «Дүйнөгө тынчтык керек» жана «Терроризм жоголсун!» деген ураандар менен жөө жүрүшкө чыгышты.

Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов Kloop.kgге окуучулар акцияга ыктыярдуу катышканын жана жөө жүрүш жергиликтүү бийлик менен макулдашканын айтты.

Араван районундагы жөө жүрүш. Сүрөт: «Турмуш».

«Акыркы убакта террорчулукка байланышкан окуялар күчөп кетти, биз ага каршы күрөшүүгө аракет кылып жатабыз. Жергиликтүү жаштар өздөрү демилге көтөрүп жатышат», — деди ал.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ош облусунун Араван районунан Сирияга 31 адам кеткен.

Акциялар Ош облусунун Өзгөн жана Ноокат райондорунда болду, аларга болжол менен 1000 киши катышты.

Өзгөн районундагы жөө жүрүш. Сүрөт: «Турмуш» .

Милиция жаштардын мындай акциялары экстремизм менен терроризмге үгүттөөнүн алдын алат деп билдирүүдө.

Мурда, 20-апрелде Ош облусунун Кара-Суу шаарында да терроризм менен экстремизмге каршы митинг өтүп, ага мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана окуучулар болуп 500дөй киши катышкан.

Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороева динди «туура эмес нукта» түшүндүргөн агымдар пайда болгонун айткан.

Укук сакчылары Сирияга Кара-Суунун 200 тургуну кеткенин, алардын 27си кайтып келип, көпчүлүгү камакка алынганын айтып жүрүшөт.


ТЕМА БОЮНЧА: