УКМК: Талоончулук боюнча Райкан Төлөгөновго каршы козголгон иш иликтенип бүттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Мекендин» мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновго каршы талоончулук боюнча козголгон ишти иликтеп бүтүп калды. Мурдагы депутат каракчылыкты уюштуруу жана курал-жарак сактоо боюнча айыпталып жатат.

УКМК Төлөгөновго каршы козголгон ишти иликтеп бүтүп, Башкы прокуратурага жиберди.

Мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов тоноону уюштуруу, мүлктү атайылап жок кылууну жана бүлдүрүүнү уюштуруу, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, өткөрүп берүү, сатуу жана сактоо боюнча айыпталып жатат.

Атайын кызматтардын версиясы боюнча, мурдагы депутат 2010-жылы кеңселерди, турак үйлөрдү, анын ичинде бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин мүлкүн тоногон топко жетекчилик кылган.

«Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов 28-мартта кармалып, тергөө аяктагыча ТИЗОго камалган.

2013-жылы Райкан Төлөгөновго каршы ушундай эле кылмыш иши козголуп, ал боюнча «Ата Мекендин» башка да депутаттарынын — Турат Мадылбековдун, Болот Шердин жана Өмүрбек Текебаевдин аттары аталган. Анда кылмыш иши токтотулган. Райкан Төлөгөнов «Ата Мекен» партиясынан 2015-жылы чыгып кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: