Өзгөндөгү жер көчкү: Үч кишинин сөөгү табылды

Куткаруучулар жер көчкүнүн алдынан эки жаш кыздын жана бир бойго жеткен кыздын сөөгүн таап чыгышты. Көчкү астында дагы 21 киши 29-апрелдин таңынан бери кала берүүдө, куткаруучуларга аба ырайынын начардыгы жолтоо болуп жатат. 

Адегенде ӨКМдин куткаруучулары бири 2005, дагы бири 2015-жылы туулган эки кыздын сөөгүн табышкан, кийин бойго жеткен бир кыздын сөөгү табылып, жакындары аны таанышты. 400дөй адам жер көчкүнү казып, 29-апрелден бери жер астында калган дагы 21 адамды табууга аракет кылып жатышат.

Айылдын калган жашоочуларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эвакуациялашты. Аларга 30 чатыр орнотулуп, электр жарыгы тартылган. ӨКМ дагы 15 чатыр бөлүп берүүнү пландап жатат.

Аюу айылында суу каптоо жана көчкү жүрүү коркуну бар. Ал жерде эпидемиологиялык бригада менен санитардык врачтар иштеп жатышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору кабарлагандай, аймактык ооруканаларда жер көчкүнүн алдында калгандардын туугандары жаткырылган. Дарыгерлердин көзөмөлүндө жалпы жети адам бар. Алардын айрымдарына «истерикалык невроз» диагнозу коюлган. Айыл тургундарына психологдор жардам берип жатышат.

1 миллион куб метр көлөмүндөгү жер көчкү Аюу айылында 29-апрель күнү эртең менен түшкөн. Айылдын көпчүлүк тургундары апрель айынын башында эле көчкү жүрүшү тууралуу эскертилип эвакуацияланганы менен алардын айрымдары өздөрүнүн турак-жайларына кайра кайтып барып алышкан. Жергиликтүү бийликтегилердин айтымында, алар кайра барып алган тургундарды 28-апрель күнү көчкү түшүшү ыктымал болгон аймактан кетишин айтып эскертишкен.

Сүрөт: ӨКМ


ТЕМА БОЮНЧА: