Алматыда катардагы эле үйгө енот кирип алып, идиштерди жууп салды! Ушул өңдүү аталыштагы жаңылыктар бир нече күндүн ичинде казакстандык эле эмес, борборазиялык сайттарга жайылды. Көп өтпөй “от” Орусия, Украина, Белоруска, андан ары бүт дүйнөгө жайылды. Алматылык айбанатты планетадагы эң алдыңкы телеканалдар көрсөтүштү.

Материалдын түп нускасы "Ачык Азиянын" сайтына чыккан.

Кийин бир нече апта өткөндөн кийин видеону казакстандык банктардын бири алардын сайтындагы идиш жуучу машиналарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ушинтип жарнамалаганы белгилүү болду.

Енот тууралуу ролик Казакстандагы вирустуу жарнаманын классикасы десек болот: аны тартууга болгону 2000 доллар коротушкан,  а рекламадан кийинки киреше 2,5 млн доллардан ашты. Мындан сырткары чарбачыл енот тууралуу интернет жана басма ММКларда, социалдык тармактардагы популярдуу тайпаларда  жана блогдордо 535 жолу жазышкан. 120 миңден ашык лайк, 12 миң бөлүшүү жана комментарийлер болду. Роликти YouTube`да 1,5 миллиондон ашык, соцтармактар кошулуп жалпы Интернетте 6,5 млн жолу көрүшкөн. Енот 43 телеканалдын эфиринде чыкты. Эң аз дегенде видеону 28 мамлекетте (анын ичинде кытай телеканалдары) 50 млн адам, же эң көбү – 100 млн адам медиа камтууга кирди.

Украиналык “Грибы” тобу «Между нами тает лед» деген ырына видеоклип чыгарып жатып,  алардын чыгармачылыгынын арты менен интернетте “эпидемия” башталарын аңдабаса деле керек. Бул роликке пародияны жалкоолор эле тартпады окшойт, бирок эң кызыктуу тасмалардын бири Казакстанда жасалган. Бир аптада эле “чай тууралуу ырды” YouTubeда 1,3 миллиондон ашык адам көрдү.

Бул кышта интернеттин казакстандык бөлүгүндө талкуу жараткан темалардын бири республиканын чексиз талааларында адашып кеткен тик учак болду. Ал Актобе-Шымкент унаа жолунда – Актөбө облусунун Карабутак кыштагынын жанында конду. Окуяны күбөлөр тартып калышкан. Кадрда тик учактан чуркап чыккан киши жүк ташуучу унаанын айдоочусуна чуркап келип, бир нерсе сурап, кайра вертолетко отурганы көрүнөт. Кадр артында эки айдоочунун сүйлөшкөнү угулат. Алардын бири тик учактагылар адашып кеткен деп божомолдойт.

Казакстандын Коргоо министрлиги түшүндүргөндөй, “тик учак окуу маалында конгон”. “Казакстандын Аскердик аба күчтөрүнүн Ми-8МТ  деген тик учагы окуу-машыгуу тапшырмасын аткарып жатып, анын жүрүшүндө визуалдуу божомол алуу, анын ичинде сурамжылоо ыкмасы тууралуу тапшырмаларды аткарып жатышкан. Экипаж коопсуздук шарттарын баалап туруп, унаа жолуна конгон да, жакынкы кыштактарды, жолдордун акыбалын тактап, кайра учуп кеткен. Тапшырманы аткарып, доклад берген. Азыр тик учак аэродромдо” , - дешти министрликтен.

Бул видео бүт дүйнөгө тарады, Орусияда популярдуу болгон «Вечерний Ургант» шоусуна да чыкты. “Бул сурамжылоо жүргүзүүнүн аскердик ыкмасы. Согуш болуп жатканда, тик учак конот да: “Жигиттер, токтогула. Сурамжылоо ыкмасы! Штабыңар кайда? Тиги жактабы? Рахмат!” деп сурайт да, учуп кетишет. Казакстандагы аба күчтөрү кармалып турган ыкмалардын катарында ички үн ыкмасы, бейшембиден жумага оогон түнү көрүлгөн түш өңдүү ыкмалар бар”, -деп комментарий жасаган Иван Ургант.

А бул болсо вирустук видео коомго бийликти көзөмөлдөө мүмкүндүгүн бере турганына мисал . “Оорулууларды “айландырууга”чакырган дарыгер тууралуу бул кыска видеороликтин аягы кадрдагы дарыгерди таап, иштен айдоо менен аяктады. “Текшерүүнүн бардык ыкмаларын жана толук дарылоону колдонбой жатасыздар. (...) Бул үчүн сиздерге акча төлөгөн бейтаптар кирет. Аппендэктомияга келген адамды бүт бойдон айлантуу керек. Баш мээ жаракат алган деп – оору баянынан чыгарып алып, компьютердик томографияга, невропотолог же дагы башкаларына кеңеш алууга жөнөткүлө. Бейтаптарды айландыргыла”,  - дейт видеодогу эркектин үнү. Кийин ал Алматыдагы №4 шаардык оорукананын башкы дарыгери Ануар Аманов экени аныкталды.

Кыргызстан

NowThis деп аталган америкалык видеодолбоор кыргызстандык “Тумар КР” жана “Адем” бий топторунун катышуусундагы видеону өткөн жылы Facebook`та жарыялады. Анда “мутанттардын бийи” чагылдырылган. “Бул бйичилер адам болушу мүмкүн эмес” деп аталган роликти социалдык тармактарда 8 млн жолу көрүшүп, 92 миң колдонуучу бөлүштү.

Данияр Токтомаметов (MC Doncha) сүйгөн кызы менен ажырашып, капаланып турганы боюнча тамашалуу реп-ыр жазган. Видеону ал Инстаграмга чыгарып, күтүүсүздөн эле атактуу болуп чыга келди.

Орусиялык жылдыздар Кэти Топурия, Тимати жана куудул Михаил Галустян рэпердин эмоционалдык чыгармачылыгына тан берип, видеону өз баракчаларына бөлүшүшкөн. Андрей Малахов четте калбай, Даниярды “Пусть говорят” ток-шоусуна чакырды. Мындан сырткары Тимати вайнер менен чогуу ырдаса, казакстандык топ бул ырга өз версиясын жаздырды.

Инстаграмда роликти 926 миң адам көргөн.

Ош облусунун тургуну Канат Шарипбеков эркектердин кызганычы тууралуу социалдык ролик тарткан. Сюжет боюнча ал аялынын сүйүүсүн текшерип көрүү үчүн “мен сени менен жашай албайм” деп акыркы катын жазат. Катты күзгү алдына коюп, өзү керебеттин түбүнө бекинип алат. Күйөөсү аялы ыйлап,жакындарына чала баштайт деп үмүт кылат... Бирок окуянын уланышы күтүүсүз болот...

Канаттын ролигин 6 млн киши көрдү.

Жарнамага дагы бир мисал. Суусундук саткан компания алардын бөтөлкөсү Жан Клод Ван Даммдын ыкмасы менен оңой ачыларын көрсөтөт. Алар Ван Даммдын Volvo үчүн тартылган белгилүү тасмасын кайталоону чечишкен. Ремейк кыргыз суусундугун эки унаанын ортосунда шпагатка отуруп ичсе да ыңгайлуу боло бере турганын көрсөттү. Видеону 100 миң жолу көрүшүп, 753 адам бөлүшкөн.

Тажикстан

Тажикстанда вирустук видеолор боюнча абал жакшы эмес, бирок андай материалдар бар. Алардын катарында ошол эле «Между нами тает лед» ырына тартылган пародия. «Между нами тает лед, ФМС нас теперь не найдет» деген пародия ырга Борбор Азиядан барган мигранттар тартылышкан. Азыр аны 3,5 млн жолу көрүшкөн. Роликтин сүрөттөмөсүндө клипке тажик эмгек мигранттары тартылган деп айтылган менен видеонун автору Евгений Гончаров клиптеги каармандар кайсы өлкөдөн келгенин так билбей турганын мойнуна алган.

«Биздин ортобузда муз ээрип баратат, ФМС эми бизди таап алат, биз жаан алдында калабыз, бирок  үй-бүлөбүзгө акча которобуз”, - деп ырдашат роликтеги мигранттар.

YouTube-каналына чыккан бул роликте тажикстандык Оймахмад Аллабердиев “Танцор Диско”  тасмасындагы ырды аткарат. Аны 2 млн адам көрүп, видео каарманынын жашоосун өзгөрттү. Бул ролик 2008-жылы интернетке жайылган, бир жылдан кийин “РОТОР-2009» интернет-сынагында “Жылдын видеосу” деген наамына алат. Бирок бул башталышы гана эле: тажик Жиммиси атактуулукка жетишип, бир нече тасмаларда, анын ичинде  «Елки», «Елки-3» кинокомедияларында тартылып,  Орусиянын федералдык телеканалардарына конокко чакырылды. Өзүнүн музыкалык карьерасын баштады.