«Занозанын» түзүүчүлөрү алардын чет өлкөгө чыгышына тыюу салган чечимге каршы даттанышат

«Заноза» онлайн-басылмасынын негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып президенттин «ар-намысына шек келтирүү» боюнча иштин алкагында алардан эч кайда кетпестиги тууралуу тил кат алган соттун чечимине каршы даттанышат.

«Занозанын» тең түзүүчүсү жана башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге басылманын адвокаттары журналисттерден эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат алган чечимге каршы даттанаарын жана ушул жумада сотко кайрылышаарын билдирди.

Анын айтымында, алар Жогорку сотто банк эсептерин камакка алууга да каршы даттанышат. «Заноза» менен «Азаттык» бул маселе боюнча шаардык сотто утулуп калышкан.

«Биздин каражаттын бир бөлүгү кассада калган, ошондон бери биз ошол каражатка жашап келгенбиз, бирок ал түгөнүп келатат. Балким майда биз кызматкерлердин бир бөлүгүн акы төлөнбөй турган эмгек өргүүсүнө чыгарабыз, аны талкуулап жатабыз», — деди ал.

Маслованын пикиринде башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын коргоо боюнча берген акыркы доо арыз «саясий мүнөзгө ээ».

«Ак Үй бизди биринчи доо арыздан кийин эле үрөйү учуп иштебей калат деп ойлосо керек, бирок биз иштей бердик. Мен ал жакта стратегия кандай экенин билбейм, бирок алар кыязы бизди иштетпеш үчүн доо арыздар менен жүдөткүсү келип жатышат окшойт», — деди ал.

Анын айтымында, эгерде бир гана доо арыз болуп, иш-аракеттин баары ошонун тегерегинде болсо, ал беш доо арызга караганда «көбүрөөк коркутмак».

ЖМКга каршы доо арыздар

Башкы прокуратура апрелдин аягында президенттин ар-намысын коргоо боюнча «Занозага» каршы бешинчи доо арызын берди.

Доо арыз боюнча басылманын өзү, «Занозанын» башкы редактору Дина Маслова, басылманын тең түзүүчүсү Нарын Идинов (Айып) жана мурдагы депутат, укук коргоочу Чолпон Жакупова жоопкер болуп жатышат.

Доо боюнча бааланган зыяндын өлчөмү 12 миллион сомду түзөт.

Сот Маслова, Идинов жана Жакупова эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып бериши керек деп чечип, Жакупованын мүлкүн камакка алды.

Мындан тышкары, «Заноза» жана басылманын тең түзүүчүсү Идинов президенттин ар-намысын коргоо боюнча Башкы прокуратура берген дагы эки доо арыз боюнча жоопкер болууда. Эки доо арыздын жалпы суммасы 12 миллион сомду түзөт, Идиновдун мүлкү болсо камакка алынган.

2017-жылдын мартында Башкы прокуратура ар-намысты коргоо боюнча «Азаттык» менен «Занозага» каршы да доо арыздарды берген.

«Азаттыктан» Башкы прокуратура 20 миллион, «Занозадан» 6 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Ленин райондук соту бул доо арыздар боюнча басылмалардын банк эсептерин камакка алды. Басылмалар бул чечимге каршы даттанышкан, бирок шаардык сот аны күчүндө калтырды.

Доо арыздардын баары бул маалымат каражаттарынын президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталган ар кайсы материалдары үчүн берилген.


ТЕМА БОЮНЧА: